Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1998-жылдын 7-июлу № 449
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "1998-жылды элетти көтөрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Указын жана "Кыргыз Республикасында айылды өнүктүрүү программасы жана 1998-жылга Кыргыз Республикасында айылды өнүктүрүү программасын аткаруу боюнча иш- чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин "1998-жылды элетти көтөрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" 1997-жылдын 25-декабрындагы Указын жана "Кыргыз Республикасында айылды өнүктүрүү программасы жана 1998-жылга Кыргыз Республикасында айылды өнүктүрүү Программасын аткаруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 27-февралындагы N 94 токтомун аткаруу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. Көрсөтүлгөн документтер областтык, райондук, мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын заседаниелеринде, айыл калкынын жыйналыштарында каралган. Бардык жерлерде мамлекеттин, жергиликтүү бюджеттердин, калктын жана сүрөөнчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүнүн негизинде айылды андан ары өнүктүрүүгө багытталган программалар иштелип чыккан жана бекитилген. Ушул жылдын апрель-майында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери менен областтык семинар-кеңешмелер өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын премьер-министри К.Жумалиевдин докладында жана катышуучулардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө Айылды өнүктүрүү программасын аткаруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын иштери сын көз менен талдоого алынып, келечекке милдеттер аныкталган. Аны ишке ашыруу боюнча практикалык жардам көрсөтүү үчүн борбордук бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери бир айдын ичинде жер-жерлерге чыгышты. Жер-жерлерде айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү, аймактарды ыңгайлаштыруу, жолдорду оңдоо, бак-дарактарды отургузуунун бардык багыттары боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, программалар тармактан регионалдык деңгээлге кайра багытталган. Каржылоонун жергиликтүү булактарынын эсебинен айылды өнүктүрүүгө 1998-жылга 442,0 млн. сом пайдалануу белгиленген. Айылды өнүктүрүү программасын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан максатка багытталган иштер жыл башынан бери 103,9 млн. сомдук ишти аткарууга мүмкүндүк берди. Жергиликтүү бюджеттердин, калктын жана сүрөөнчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен 51,4 миң кв. турак-жай аянты, 12 оорукана, ФАПтар, саламаттыкты сактоонун башка объекттери курулган. 389 мектеп, мектепке чейинки 82 мекеме, 206 мончо, 348 медицина мекемеси, 149 клуб, маданият үйлөрү, китепканалар оңдолгон. 1231,5 км автожолу, 473,8 км суу түтүгү, 353,8 км жөө адамдар жүрүүчү жолдор жана тротуарлар иретке келтирилген. 18,8 млн. бак-дарак жана көчөттөр, 7,4 млн. бадал отургузулуп, 349169 үй акталган. 127 нан бышыруучу чакан жайлар, 82 май тарткыч, 178 чакан тегирмен, 176 чакан фермалар ишке киргизилген. Калктуу конуштарды ыңгайлаштыруу боюнча Нарын областынын райондорунда зор иштер жүргүзүлгөн.
Жер-жерлерде жергиликтүү бюджеттерди толуктоонун кошумча булактары изделип жатат. Кайрымдуулук марафондорун өткөрүү тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт, андан түшкөн каражаттар социалдык-маданий багыттагы объекттерди курууга, айыл калкынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшалат. Талас областында 28 марафон өткөрүүдөн бул максаттарга 6,3 млн. сом, Нарын областында 12,4 млн. сом түшкөн. Ош областында инвестициялар менен гранттарды тартуу, кредиттик союздарды, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча максатка багытталган иштер жүрүүдө. Жалал-Абад областында мектептерди, балдардын мектепке чейинки мекемелерин, маданият объектилерин оңдоо боюнча иштердин белгиленген көлөмү аткарылды. Чүй областында суу түтүктөрүн, сугат системаларын, стадиондорду жана спорт аянттарын оңдоо боюнча чоң иштер жүргүзүлгөн, Нарын областында "Ашар" ыкмасы менен 25 мектеп оңдолуп, бул максаттарга 2,7 млн. сом өздөштүрүлгөн.
Жүргүзүлүп жаткан реформанын мыйзамдык негизин өркүндөтүү, жер рыногун түзүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөөнүн рыноктук системасын ишке киргизүү боюнча иштер улантылууда. "Жер", "Айыл чарбасында реформаны тереңдетүү" боюнча мамлекеттик программалар иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун пайдалануу укугун аукциондук сатуу боюнча иштер башталды.
Техникаларды жазгы-талаа жана оруп-жыйноо иштерине даярдоо үчүн "Кыргызайылкөмөк" акционердик корпорациясы тарабынан дыйкан жана фермер чарбаларына 4 млн. сом суммасындагы товардык кредит түрүндө запастык бөлүктөр менен ремонт материалдары берилген. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө "Айылтехсервис" мамлекеттик акционердик лизинг компаниясы, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы тарабынан кызматтар көрсөтүлүп жатат. Өнүктүрүүнүн Азия Банкынын "Айылдык Финансы мекемеси" долбоорунун чектеринде жылга каралган 60тан 41 кредит союзу уюштурулган. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги айыл калкын иш менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда. Ал эмгек рыногундагы оорчулукту жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүнү каалагандарга чакан кредит берүү, республиканын региондорунда интеграцияланган бизнес-борборлорду түзүү тажрыйбасы артууда. Жаңы өндүрүштөрдү уюштуруунун эсебинен кошумча 17714 жумушчу орундары түзүлгөн.
Ошону менен бирге министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан Айылды өнүктүрүү программасын аткаруу боюнча таасирдүү чаралар көрүлбөй жатат. Айылдарды ыңгайлаштыруу, жаңы жумушчу орундарын түзүү, айылдыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, маданий суроо-талаптарын канааттандыруу проблемалары кыйла татаал бойдон калууда, ведомстволук органдар менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иш-аракеттерин координациялоо талаптагыдай эмес, бул багытта колдогу күчтөр менен мүмкүнчүлүктөр натыйжалуу пайдаланылбайт.
Жүргүзүлүп жаткан жер жана агрардык реформа өркүндөтүүгө жана андан ары тереңдетүүгө муктаж. Ушул мезгилге чейин бир катар областтарда айылдык калкка жер участокторун бөлүп берүү бүтө элек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген үлгүдө жер үлүшүн пайдалануу укугуна күбөлүктөр берилбеген. Айыл калкына мүлктүк пай бардык эле жерлерде аныкталган жана берилген эмес. Нарын областында уюштурулган 11400 фермер жана дыйкан чарбаларынын ичинен бар болгону 5871 чарба гана расмий каттоодон өткөрүлгөн, бул салык базасын сезилерлик начарлатып, кредиттер менен инвестицияларды тартуу маселесин чечүүгө кедергилик кылат. Чүй областынын чарбаларында Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу үчүн аренда акысын алуу маселесинде кемчиликтер орун алган. Жалал-Абад областында үстүн пленка менен жабуу аркылуу пахта өстүрүүнүн прогрессивдүү технологиясын өндүрүшкө киргизүү боюнча иш-чаралар аткарылган эмес.
Сугат жерлеринин абалы начарлап жатат. Агрохимиялык чаралар толук көлөмдө жүргүзүлбөйт. Жыл башынан бери 174,7 миң га жер азыктандырылган, ал эми өткөн жылы болсо 232,5 миң гектар жер азыктандырылган. Өткөн жылга салыштырганда Чүй жана Талас областтарында аянттарды азыктандыруу үч эсеге төмөндөп, Ысык-Көл областынын чарбаларында 12,4 миң гана гектар азыктандырылган. Көпчүлүк жерлерде коллектордук-дренаждык, чарбалык ички мелиоративдик-сугат системаларынын иштен чыккандыгынан улам жерди шор басып, сазга айланууда. Быйылкы жылы ар кандай себептерден 81,1 миң гектар жер, же айдоо аянтынын 6,9 проценти пайдаланылбай калган.
Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин балансындагы 630,9 км коллектордук-дренаждык тармагынан 162 километри гана тазаланган. Ирригациялык системалар, магистралдык каналдар менен коллекторлордун абалы начарлап кеткен. Бардык эле жерлерде суу пайдалануучулардын ассоциациялары түзүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги тарабынан сугат, суу чыгаруу, коллектордук-дренаждык тармактар, насостук станциялар менен скважиналар жергиликтүү коомдоштуктардын коммуналдык менчигине өткөрүп берүү маселеси аягына чейин иштелип чыкпаган.
Айыл чарба продукциясын сатып алуу жана сатып өткөрүү системасын реформалоо иши жайбаракат жүргүзүлүп жатат. Товардык биржа жана даяр продукцияны сатуунун дүң рыногундагы иш жөнгө салынбаган. Областтарда жана райондордо дагы эле болсо рынок инфраструктураларын түзүү маселеси тиешелүү деңгээлде эмес. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү материалдык-техникалык ресурстар, асыл-тукум мал жана сорттуу материалдар менен жабдууну уюштурууда так координация жок.
Жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги агрохимиялык иш-чараларды мамлекеттик колдоого, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, айыл жерлеринде продукцияны кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк ишканаларды өнүктүрүүгө бюджетте каралган каражаттарды бере элек.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, башка социалдык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөй жатат. Жалал-Абад областынын дээрлик бардык алыскы жана тоолуу калктуу конуштарында республикалык телекөрсөтүү каналдары иштебейт, басма сөз каражаттары жеткирилбейт, областтын чакан шаарлары менен кыштактарынын эмгек рыногунда калкты иш менен камсыз кылуунун активдүү саясаты жайбаракат темпте жүргүзүлүп жатат. Областта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взностору боюнча карыздарды төлөөнүн графиги сакталбайт.
Талас областында кошумча жумушчу орундарын түзүү боюнча иштер жетишсиз, жыл башынан бери пландаштырылган 1907 жумушчу орунунун 590у гана түзүлгөн. Талас жана Бакай-Ата райондорунда жергиликтүү бюджеттердин эсебинен бир дагы жумушчу оруну түзүлгөн эмес. Бакай-Ата районунда бак-дарактарды, көчөттөрдү отургузуу белгиленгендин 31 процентин гана түзөт.
Нарын областында маданий объекттерди күтүүгө жана оңдоого тиешелүү көңүл бурулбайт. 82 клуб жана маданият үйүнүн теңинен көбү көптөн бери оңдолгон эмес. Белгиленген 6 клубдун бирөөнүн гана курулушу башталган. Кошумча жумушчу орундарын түзүү жай темпте жүрүүдө, жыл башынан бери 653 жумушчу оруну түзүлгөн. Бул белгиленгендин 22,5 процентин түзөт. Суу түтүктөрүн куруу жана оңдоо жагындагы иштер да начар. 108 мончонун 73ү, 2331 суу түтүгүнүн 1635и гана иштейт. Ак-Талаа жана Ордок айылдарында мектептер эң начар абалда.
Ысык-Көл областында жумушсуздардын официалдуу деңгээли 4,9 процентти түзөт. Жумушчу күчүнө суроо-талап жана сунуштардын ортосунда чоң айырмачылык бар. Бир ваканттык орунга 148 атаандаш туура келет. 23 мектеп эң начар имараттарда жайгашкан, 90 мектеп капиталдык оңдоону талап кылат, ошол эле учурда областта оңдоо белгиленген 177 мектептен бар болгону 33 гана оңдолгон. 234 калктуу конуштун 116сында гана мончо бар, алардын бар болгону 25и гана иштейт.
1998-жылы Айылды өнүктүрүү программасында каралган Нарын областынын Кочкор районундагы "Чолпон" орто мектебинин интернатынын базасында 100 орундуу балдар үйүн ачуу, жетим окуучуларды бекер кийим жана окуу китептери менен камсыз кылуу, республиканын мектептери үчүн жабдууларды жана эмеректерди сатып алуу боюнча иш-чаралар аткарылган эмес.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы, пенсия, пособие төлөөдө да абал татаал. Ушул жылдын 1-июнундагы абал боюнча эмгек акы жана социалдык фондуга чегерүүлөр боюнча карыз 104,7 млн. сомду, анын ичинде Ош областында 33,9 млн. сом, Жалал-Абадда - 21,2 млн. сом, Нарында - 19,0 млн. сом. Пенсия төлөө боюнча карыз 100,5 млн. сомду түзөт. Ош, Чүй жана Жалал-Абад областтарында бир кыйла артта калууларга жол берилген. Жетишпегендерге мамлекеттик пособие төлөө боюнча карыз 66,9 млн. сомду түздү.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жыл башынан бери Айылды өнүктүрүү программасында каралган 8 клубдан бирөөнүн гана курулушу башталган, бар болгону 34 мончонун экөөсү, 13 от жагуучу жайдын төртөө гана курулган. Турак-жай, мектеп, мектепке чейинки мекемелер, саламаттыкты сактоо жана билим берүү объекттерин куруу жана оңдоо, автомобиль жолдорун, трансформатордук подстанцияларды, суу түтүктөрүн пайдаланууга киргизүү, жашылдандыруу жана ыңгайлаштыруу боюнча алдыда көп иштерди жасоо милдети турат. Айылды өнүктүрүү программасын аткарууда пландаштырылган каражаттын төрттөн бири гана өздөштүрүлдү, жыл аягына чейин дагы 338,1 млн. сомдук иш көлөмүн аткаруу керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "1998-жылды элетти көтөрүү жылы деп жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 25-декабрындагы Указын" жана "Кыргыз Республикасында Айылды өнүктүрүү программасы жана Кыргыз Республикасында 1998-жылга айылды өнүктүрүү программасын аткаруу боюнча иш чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 27-февралындагы N 94 токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө" Өкмөттүк комиссиянын төрагасы К.А.Абдимомуновдун берген маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1998-жылдын 1 жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча Айылды өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы иштин абалын талдоого алышсын, кетирилген кемчиликтерди жоюу белгиленген иш-чараларды көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө сөзсүз аткаруу боюнча кошумча чараларды көрүшсүн.
Айыл жерлеринде жүргүзүлүп жаткан реформаларды тереңдетүүгө, экономикалык өсүш, инфраструктураларды өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө, калкты иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар быйылкы жылдагы ыңгайсыз аба-ырайын эске алуу менен бардык агротехникалык иш-чараларды өз учурунда жүргүзүү, колдогу техникаларды оруп-жыюуга даярдоо жана бул негизде индикативдик пландарда каралган айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшүнө жол бербөө боюнча кошумча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонд жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишканалардын иш аракетин жандандыруунун, жаңы өндүрүштөрдү түзүүнүн, биргелешкен ишканаларды уюштуруунун, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен Айылды өнүктүрүү программасында каралган жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча тапшырмаларды сөзсүз аткарууга жетишсин.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл башчыларынын ведомстволорго караштуу аймактардагы иштин абалы үчүн ролун жогорулатсын, аларда өз ишинин жыйынтыгы үчүн жергиликтүү коомчулуктун, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик бийлик органдарынын алдында жоопкерчилик сезимин калыптандырсын, алардын иштерине дайыма практикалык жардам көрсөтсүн, демилгелүүлүктү жана иш билгиликтүүлүктү колдоого алсын;
- айыл өкмөт башчылары менен бирдикте агрардык секторду реформалоо, материалдык-техникалык базаларды жана жерди натыйжалуу пайдалануу, малды жана канаттууларды сактоо жана алардын башын көбөйтүү, ирригациялык системаларды күтүү үчүн менчиктин бардык түрүндөгү чарбакер субъектилердин жетекчилеринин жоопкерчилигин жана аларга суроо-талапты жогорулатсын;
- айыл чарба продукциясынын рыногун калыптандыруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу, рынок инфраструктураларын өнүктүрүү, сооданын, маркетинг кызматтарынын өнүккөн тармагын түзүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- салык жана бюджеттен тышкары келип түшүүчү каражаттардын өз учурунда жана толук түшүшүн камсыз кылуу, жергиликтүү бюджетти толтуруунун резервдерин издөө үчүн Финансы органдарынын жана кызматтарынын жетекчилеринин жекече жоопкерчилигин жогорулатсын;
- жумушсуздуктун деңгээлин азайтуудагы иштин абалы үчүн менчиктин бардык түрүндөгү чарбакер субъекттердин жетекчилеринин жекече жоопкерчилигин көтөрсүн; ишканалардын иш-аракетин жандандыруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүүгө дайыма камкордук көрсүн. Өз аймактарында жумушсуздуктун деңгээлин кыскартуу боюнча иштин абалы боюнча айыл өкмөт башчыларынын отчетторун дайыма уксун;
- кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу боюнча чараларды көрсүн. Криминогендик абалды жакшыртуу, ведомстволорго караштуу аймактарда укук бузууларды кыскартуу боюнча иштин абалына укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айыл өкмөт башчыларынын жекече жоопкерчиликтерин жогорулатсын. Коомчулукту, жергиликтүү коомдоштуктарды укук тартибин коргоого тартуу боюнча ишти жандандырсын, мал уурдоого каршы күрөштү күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен аксакалдар сотторунун жана башка коомдук түзүлүштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалансын.
6. Кыргыз Республикасынын эң мыкты калктуу конушу наамына кароо-конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын ишин, жер-жерлердеги тиешелүү комиссиялардын иштерин жандандырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасында 1998-жылга Айылды өнүктүрүү программасында каралган каражаттарды сөзсүз бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги сугат, суу чыгаруу, коллектордук-дренаждык тармактар, насостук станциялар менен скважиналарды жергиликтүү коомдоштуктардын коммуналдык менчигине өткөрүп берүү механизмин иштеп чыгууну тездетсин.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги республиканын өнөр жай ишканаларында зарыл айыл чарба жабдууларын жана запастык бөлүктөргө заказдарды жайгаштыруу жана чыгарууну камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду айылдык ишкерлерге инвестицияларды тартуу, ишкер карым-катнаштарды түзүү жана өнөктөр менен биргелешкен бизнес уюштуруу боюнча дайыма жардам көрсөтсүн, регионалдык интеграцияланган бизнес-борборлордун ишин жандандырсын.
11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айылдардагы калктуу конуштарда жолдорду, жасалма курулуштарды, автопавильондорду оңдоону, жол белгилерин орнотууну жана алмаштырууну тездетсин.
12. Тиркемеге ылайык курамда элетти көтөрүү жылын өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы бекитилсин. Өкмөттүк комиссиянын төрагасына Кыргыз Республикасында Айылды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бардык органдардын жана мекемелердин иш аракеттерин координациялоо, анын аткарылышынын жүрүшүн көзөмөлдөө милдети жүктөлсүн.
Өкмөттүк комиссия 1998-жылдын сентябрында Айылды өнүктүрүү Программасынын оңдоо жана курулуш иштеринин белгиленген көлөмдөрүн аткаруу, социалдык инфраструктуралардын объекттерин 1998-99-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо бөлүгүнүн аткарылышынын жүрүшүн текшерсин. Текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
13. Министрликтер, административдик ведомстволор, областтык мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Республикасында Айылды өнүктүрүү программасын аткаруунун жүрүшү тууралуу 1998-жылдын жыйынтыгы боюнча 1999-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат беришсин.
14. "1998-жылды Элетти көтөрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 25-декабрындагы Указын жүзөгө ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 6-январындагы N 2 токтомуна тиркеме жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-майындагы N 223 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
15. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында баяндама түрүндө жарыялансын.
16. Токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Элетти көтөрүү жылын өткөрүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Б.И.Силаевге жүктөлсүн.
Элет жерин көтөрүү жылын жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын
курамы | |||||
Силаев Б.И. |
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы, | ||||
Абдимомунов К.А. |
- Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министри,
| ||||
Өмүралиев Т.Э. | . - Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча). | ||||
Комиссиянын мүчөлөрү: | |||||
Рысалиев И.З. | . - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри, | ||||
Касиев Н.К. |
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри,
| ||||
Токтомышев С.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри,
| ||||
Сатыбалдиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министри, | ||||
Абдуллаева У.А. |
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орунбасары, | ||||
Бакиев К.С. |
- Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, | ||||
Муралиев А.М. |
- Ош областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, | ||||
Талгарбеков Б.Т. |
- Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, | ||||
Узакбаев Э.У. |
- Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы; | ||||
Касымов Т.К. |
- Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, | ||||
Акматалиев Т.А. |
- Талас областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы, | ||||
Касмалиев А.К. |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентствонун директору, | ||||
Моисеев А.С. |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, | ||||
Ташыбекова Ж.Ч. |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымынын милдетин аткаруучу, | ||||
Сартказиев Б.Э. |
- "Кыргызэнерго" акционердик коомунун башкы директору, | ||||
Кененбаева К.Н. |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун төрайымы, | ||||
Маматалиев А.М. |
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын региондорду өнүктүрүү жана кадр иштери боюнча департаментинин башчысы, | ||||
Исаков К.И. |
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык өнүктүрүү департаментинин башчысы, | ||||
Шакиров К.Ш. |
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын экономиканы өнүктүрүү департаментинин башчысы, | ||||
Баякеев Б.А. |
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы. | ||||
| |||||
Премьер-министр Аппаратынын жетекчиси |
К.Иманалиев | ||||