Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
7-сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 86
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
“Жетиген – Карек” коомдук бирикмесинин төрагасы Т. Н. Мамбеталиев жана “Эр-солтоной” тобунун жетекчиси С.О. Эркинбаевдин Эр-Солтонойго арналган мемориалдык комплекс салуу боюнча жазган кайрылуусун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ -чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын административдик чегиндеги Чат-Базар айылынын №547 чөйрө сызыгындагы 0,17 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарды толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунуш даярдоо Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |