Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 18-февралы № 88
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын Президенти жекече тапшыргандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Б.А.Фаттахов аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында каралып жатканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү расмий өкүлү болуп дайындалсын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьянын 5-пунктунан экинчи абзац алынып ташталсын.
2. 4-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасында "мыйзамга ылайык мөөнөт" деген сөздөр "жобого ылайык, бирок бир жылдан кем эмес мөөнөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу ишмердик түрлөрү Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензиянын болушу талап кылынат: - пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана пайдалануу; - дарыяларда жана жолдордо тосмолорду куруу; - аңчылык кылуу жана канаттууларды кармоо; - дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, дары-дармекти жана медициналык техниканы, парфюмердик-косметикалык жана химиялык заттарды (самын-кир жуугуч, парфюмердик товарларды өнөр жай ишканаларынын сапат сертификацияларынын негизинде чакан соода ишканаларынан тышкары) даярдоо жана сатуу; - өзгөчө баалуу жапайы дары чөптөрдү коммерциялык максатта жыйноо; - пиво, шарап, ликер-арак, коньяк ичимдиктерин жана спиртти даярдоо; - медициналык жана ветеринариялык практика; - кумар оюндары ойнолуучу жайларды түзүү жана күтүү, кумар оюндарын уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу авиациялык иштердин бардык түрлөрү, граждандык авиациянын аба кемелерин кабыл алуу жана учуруу, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык тейлөө; - шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштары; - куруу-кураштыруу жумуштары; - транспорт иштери жана транспорт ишин камсыз кылуучу кызматтар; - жеке менчик сакчылык кызмат; - банк операцияларын жүргүзүү, ломбарддардын иши, кредит бирликтеринин иши, юридикалык жактардын мөөнөттөгөн, кайтарып берүү жана акы төлөнгөн шарттарда калктын акча каражаттарын тартышы; - баалуу кагаздар боюнча кесиптик иштер; - камсыздандыруу иши; - мамлекеттик эмес пенсия фондунун иши; - технологиялык жана ички өндүрүш багытындагы байланышты уюштуруудан тышкары бул үчүн зарыл тармактарды, линияларды, курулмаларды, системаларды жана түзүлүштөрдү кошуу менен почта жана электр байланышы, маалымат берүү, телерадио программаларды жайылтуу тармагындагы иштер, радиожыштыктарды пайдалануу; - алкоголь продукциясы менен соода кылуу; - электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү, мунайзатты жана табигый газды кайра иштеп чыгуу; - электр сганцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линияларын куруу; - аудитордук иштер; - билим деңгээлине жана менчик түрүнө карабастан билим берүү иштери; - жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып кирүү, иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу; - курал-жарак жана ок-дары менен соода кылуу; - милдеттүү сертификаттоо ишин жүргүзүү; - күчтүү таасир кылуучу, уулуу жана радиоктивдүү заттарды өндүрүү жана сатуу; - тамеки жалбырагын ферменттөө жана тамеки заттарын өндүрүү; - уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын зыянсыздандыруу, жайгаштыруу, жок кылуу жана көмүү; - уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташып өтүү (анын ичинде чек аралар аркылуу); - банкроттонуу ишин аткарган администраторлордун иши; - жеке менчик нотариустардын иши. Ишмердиктин ушул статьяга кирген лицензиялануучу түрлөрүн түрчөлөргө бөлүүгө тыюу салынат".
4. 14-статьянын биринчи бөлүгүндөгү 3-пунктчада "лицензиялоо жыйымын төлөө" деген сөздөр "карыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 15-статьядагы "эгерде мыйзам актыларында башкача мөөнөт белгиленбеген болсо" деген сөздөр алынып ташталсын.
6. 16-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияланып жазылсын: Арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы".
7. 16-статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акынын суммасы монополияга каршы органдар менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана республикалык бюджетке чегерилет. Лицензиялоо боюнча укуктуу органдын ишмердигин каржылоо лицензиялоочу органды республикалык бюджеттен күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын чегинде ишке ашырылат".
8. 17-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияланып жазылсын: "3) арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнбөсө;".
9. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1, 17-2 жана 22-1-статьялар менен толукталсын.
"17-1-статья. Лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү
1. Лицензиялоочу органдар өзүлөрү лицензиялоочу ишмердиктин анык бир түрлөрүнүн реестрин түзөт жана жүргүзөт. Лицензиялардын реестринде төмөнкүдөй маалымат болууга тийиш: - лицензиаттар жөнүндө маалымат; - лицензиялоочу орган жөнүндө маалымат; - ишке ашырылышына лицензия берилген ишмердик түрлөрү; - лицензиялар берилген күн жана алардын каттоо номери; - лицензиянын берилген мөөнөтү; - лицензиялардын реестрлерде катталышы жөнүндө маалымат, лицензиянын колдонулушу токтотулган жана улантылган негиздер жана күн; - лицензияны жокко чыгаруу негиздери жана күнүн; - ишмердиктин анык бир түрүн лицензиялоо жөнүндөгү жоболордо аныкталган башка маалыматтар.
2. Лицензияларды реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
17-2-статья. Лицензиялардын кайрадан жасалышы
1. Юридикалык жак кайрадан түзүлгөн, анын аталышы же турган орду өзгөргөн учурда юридикалык жак-лицензиат же анын укугун улантуучу лицензияны аталган маалыматты ырастоочу тийишт документгерди тиркөө менен кайрадан жасоо жөнүндө дароо арыз берүүгө тийиш. 2. Лицензия кайрадан жасалганда лицензиялоочу орган лицензиялардын реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизет. Лицензия лицензиат тийишт арыз берген күндөн кийинки беш күндүн ичинде кайрадан жасалат 3. Лицензия кайрадан жасалган учурда реестрге өзгөртүү киргизилгендиги жана лицензия берилгендиги үчүн акы алынат. Карйдан жасоо үчүн алынуучу акынын өлчөмү эң аз эмгек акынын жарымынан ашпайт. Акынын суммасы тийиштүү республикалык бюджетке эселтелинет"
"22-1-статья. Лицензиялоочу органдардын жоопкерчилиги
Лицензиялоочу орган төмөнкүдөй тартип бузгандыгы үчүн айып төлөө түрүндө жоопкерчилик тартат: - лицензиялоо тартибин жана лицензия берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн - эң аз 100 эмгек акы; - лицензия берүүдөн жүйөөсүз баш тартканда - эң аз 50 эмгек акы; - лицензиянын колдонулушун жүйөөсүз токтоткондугу жана кайтарып алгандыгы үчүн - эң аз 50 эмгек акы.
Лицензиялоочу органдардын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн эскертүү же айып төлөө түрүндө администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Айып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төлөтүлөт. 10. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик байкоочу жана көзөмөлдөөчү органдар, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка укуктуу органдары лицензиялык талаптардын жана шарттардын бузулушу аныкталганда лицензия берген органга аныкталган тартип бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү".
2-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам ал жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасанын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укук актыларын бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайыктап чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|