Редакцияот 04.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

7-сессиясы

 

2025-жылдын 4-июну № 91

 

Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Чон-Алыш айыл аймагынын Манас айылынын тургуну Чокоев Чубактын арызынын негизинде, кошар жана чабан үй куруу боюнча жазган арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын аткаруу багытында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү туурасында” жобону жетекчиликке алып, мурдагы Өмүралиев айыл аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы №138 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мурдагы Өмүралиев айыл аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы №138 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Чоң-Алыш айыл аймагынын административдик чегиндеги № 1368 чөйрө сызыгындагы “Чырканак” участогунан жалпы 0,10 га жер аянтын “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

3. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 6-пункттуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

 

4. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарды толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунуш даярдоо Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т. Бейшеналиев