Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы N 61 Жарлыгына) |
2026-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2026-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) футболду узак мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүгө багытталган, анткени Кыргыз Республикасында футбол - маанилүү социалдык жана маданий функцияны аткарган спорттун эң массалык жана маанилүү түрлөрүнүн бири.
Совет мезгилиндеги алгачкы клубдардан баштап көз карандысыздыктан кийинки улуттук федерацияны түзүүгө чейинки бай өнүгүү тарыхы менен футбол өлкөнүн миңдеген жарандарынын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Кыргызстандын курама командасынын 2019-жылдагы Азия кубогундагы тарыхый ийгилиги футболдун өнүгүшүнө өзгөчө түрткү берди, ал кыргыз футболунун потенциалын жана бул тармакка системалуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын ачык көрсөттү.
Футболдун өнүгүшү Кыргызстандын өзгөчө табигый-социалдык климатынын шартында жүрүп жатат: кескин континенталдык климат, бийиктиктин олуттуу айырмачылыктары жана чектелген инфраструктуралык ресурстар машыгуу процессин жана мелдештерди уюштурууга кошумча талаптарды түзөт. Ошол эле учурда футболдун массалык популярдуулугу, жаштардын жогорку катышуусу жана коомдун өсүп жаткан кызыгуусу футболдун улуттук спорт катары андан ары өсүшү үчүн жагымдуу факторлор болуп саналат. Акыркы жылдары мамлекет спортту өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууда: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 81 "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы бекитилди, бул ушул Программанын негизин түздү.
Программанын актуалдуулугу. Азыркы этапта Кыргызстандын алдында жетишилген ийгиликтерди сактоо жана көбөйтүү гана эмес, футболду туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын түзүү милдети турат. Комплекстүү мамиле болбосо, тең салмаксыздык коркунучу пайда болот: айрым багыттарга гана (мисалы, кесиптик клубдарга гана же балдар-өспүрүмдөр футболуна гана) көңүл буруу ресурстарды натыйжасыз пайдаланууга жана стратегиялык максаттарга жетпей калууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Программа системалуу өзгөрүүлөргө жана мамлекеттин, Кыргыз футбол биримдигинин, аймактык спорт органдарынын, клубдардын, жеке сектордун жана күйөрмандардын сектор аралык өнөктөштүгүнө таянат.
Программаны узак мөөнөттүү ишке ашыруу футболду чындап массалык, жеткиликтүү жана туруктуу кылып, аны улуттун ден соолугун чыңдоо, социалдык интеграция жана өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу инструментине айландырууну көздөйт.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
Футбол бүгүнкү күндө спорттук оюндардын алкагын кыйла кеңейтип, спорттун эң популярдуу түрү гана эмес, ошондой эле эң массалык кызыгуу жараткан жана дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнүн натыйжасында футбол заманбап массмедианын эң таанымал жана талап кылынган продуктусу болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө футболду өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыкты жана ал биринчи кезекте мамлекеттин, футбол федерацияларынын жана ассоциацияларынын, күйөрмандардын, өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү аркылуу жетишилет.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы улуттук программасына, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин (мындан ары - КФБ) миссиясына жана көз карашына ылайык иштелип чыкты.
Пайда болгон чакырыктарды жана ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти, ошондой эле өнүгүү жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын жана максималдуу натыйжалуулукка жетүү үчүн күч-аракеттерди топтоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бул Программа төмөнкүлөргө багытталган:
- кыргыз футболунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз футболчуларынын суроо-талабын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын футбол курама командаларынын жана кесиптик клубдардын эл аралык аренадагы чыгууларынын натыйжаларын жакшыртуу;
- сапаттуу футбол продуктун түзүү жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун өсүшүн камсыз кылуу;
- спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын бардык багыттардагы курама командаларынын жана кесиптик клубдардын бардык курактык категориялары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу оюнчуларды кеңири тандоону камсыз кылуу;
- массалык футболдун уюштурулушун жана жеткиликтүүлүгүн популярдаштыруу жана жакшыртуу, заманбап футболдук инфраструктураны жана керектүү сандагы жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу;
- өлкөдө футболдун туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө футболду жалпысынан чоңдордун 8%ы (Европада - 14%) ойнойт, футбол ойногон кыз-келиндердин үлүшү 0,5%дан ашпайт (Европада - 4%), футбол ойногон балдардын үлүшү алардын жалпы санынын 17%ын түзөт (Европада - 27%).
Кыргызстандык 20дан ашык футболчу өлкөнүн тышында (Россия Федерациясында, Беларуста, Бангладеште, Түркияда, Өзбекстанда, Германияда, Швецияда, Люксембургда, Гонконгдо, Казакстанда) ойнойт. Салыштыруу үчүн: өз өлкөлөрүнүн тышында 202 украиналык, 192 россиялык, 45 беларустук жана 32 өзбек футболчу ойнойт.
Бүгүнкү күндө өлкөдө чөп газону менен 26 стадион жана жасалма катмары менен 11 стадион/талаа (айрымдары оңдоону талап кылат), 1 манеж жана футзал менен машыгуу үчүн 30га жакын зал бар.
Учурдагы стадиондордун экөөсү гана эл аралык матчтарды өткөрүү талаптарына аздыр-көптүр жооп берет, дагы 8и Кыргыз жогорку лигасынын матчтарын өткөрүү талаптарына жооп берет, 11 стадиондо Биринчи лиганын оюндарын өткөрүүгө жол берилет, ал эми 9 стадиондо учурдагы абалына байланыштуу расмий матчтарды өткөрүүгө болбойт.
Ушундай эле кырдаал футзалдык инфраструктурада да байкалууда, алардын 2өөсү гана эл аралык беттешүүлөрдү өткөрүү стандарттарына ылайык келет, калгандарынын айрымдарынын өлчөмдөрү стандартка жооп бербейт жана машыгуу үчүн гана жарактуу.
Ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүдө региондук дисбаланс орун алган, залдардын дээрлик 60%ы Бишкек шаарында жайгашкан, ал эми Ош, Талас жана Нарын облустарында 1ден гана зал иштейт.
Инфраструктура акырындык менен жакшырып келе жатканын белгилөө зарыл. Катмары жана жарыктандыруусу жакшы чакан-футбол аянтчалары жана залдар пайда болууда. Бирок көпчүлүк учурда бул жакшыруулар жеке капиталдын натыйжасында болууда.
Акыркы 10 жылда Азия футбол конфедерациясынын (мындан ары - АФК) "С", "В", "А" жана "Pro" категорияларындагы лицензиясы бар футбол машыктыруучуларынын жалпы саны 5 эсеге көбөйүп, азыркы учурда 604 адамды түзөт (2013-жылы 121 лицензияланган машыктыруучу болгон).
Региондор боюнча машыктыруучу кадрлардын саны калктын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы, Талас облусунда машыктыруучулар Ош облусуна караганда 20 эсеге, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда 45 эсеге аз.
Аял машыктыруучулардын үлүшү Кыргызстандагы бардык машыктыруучулардын жалпы санынын 7,8%ын түзөт. Кыз-келиндердин командаларын даярдаган аял машыктыруучулардын контракттары жок жана минималдуу стипендия алышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы, бүгүнкү күндө Эл аралык футбол федерациясынын (мындан ары - FIFA) рейтингинде 101-орунда (АФКда - 17-орунда), кошуна өлкөлөр Казакстандан (109-орун) жана Тажикстандан (102-орун) алдыда турат. Салыштыруу үчүн: калкынын саны жана калктын жан башына ички дүң продуктунун деңгээли окшош өлкөлөр, Никарагуа - 130-орунда, Ливан - 117-орунда турат.
Бирок Эло (Elo Rating) футбол рейтингинде Кыргызстан азыркы учурда 145-орунда, Казакстан 92-орунда, Тажикстан 110-орунда, Никарагуа 122-орунда, Ливан 140-орунда турат.
Эгерде бир нече жыл мурда Кыргызстандын улуттук курама командасы матч алдындагы жыйындарга канааттанып, ал эми жылдык матчтардын саны өтө аз болсо, акыркы мезгилде каржылоонун жакшырышы менен курама командада окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду, алардын айрым бөлүктөрүн чет өлкөлөрдө өткөрүүгө мүмкүн болууда. Башка өлкөлөрдүн командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдүн саны да көбөйдү, аларда футболчулар керектүү тажрыйбага жана ишенимге ээ болушат.
Футзал боюнча улуттук курама команданын тарыхында кыйла олуттуу жетишкендиктери бар. 2005-жылдагы АФКнын чемпионатында коло байгенин ээси болгон, ал эми 2006 жана 2007-жылдары төртүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле анын тарыхында Азия чемпионатында алтынчы орун жана беш чейрек финал да бар. Тилекке каршы акыркы жылдары футзал курама командасынын ийгилиги анчалык байкалбай келет, ал эми акыркы өткөн АФК чемпионатында квалификациядан өтө албай калган. Ага карабастан өзгөчө атаандаштык күчөгөн жана өлкөнүн ички чемпионатындагы кызыктуу оюн көрсөтүп баштаган мезгилде футзал курама командасынын келечеги толук үмүттөндүрүүдө.
Бүгүнкү күндө футзал боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 50-позицияны ээлеп, коңшу Казакстан (7-орун) менен Өзбекстандан (25-орун) артта калып, бирок Тажикстандан (52-орун) алдыда турат.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде 128-орунда турат. Салыштыруу үчүн: Өзбекстан 50-орунда, Казакстан 99-орунда, Тажикстан 148-орунда.
Кыргыз кесиптик футбол лигасынын (мындан ары - ККФЛ) оюндарынын популярдуулугу өтө төмөн. Жогорку лигада 8 клуб, Биринчи лигада ушунча команда бар. Мындан тышкары ККФЛ Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Кубогун жана Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Суперкубогун өткөрүп келет.
ККФЛде легионерлердин үлүшү 18,3%ды (Россияда - 31%, Украинада - 22%, Өзбекстанда - 10% легионерлер ойнойт) түзөт.
ККФЛдеги оюнчулардын орточо курагы - 23,9 жашты түзөт. Салыштыруу үчүн: Казакстандын жогорку лигаларында - 27 жаш, Россия менен Өзбекстанда - 26,3 жаш, Украинада - 25,6 жаш жана Беларусияда - 24,9 жаш.
Футболдук клубдардын жана чоңдор командаларынын санынын салыштырмалуу аздыгы өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга болгон суроо-талапты чектөөдө. Ошол себептен келечектүү жаш футболчулардын айрым бөлүгү окууну же акча табууну артык көрүп, кесиптик карьерасын токтотууда.
Көптөгөн командалардын өздөрүнүн стадиондору же окуу-машыгуучу базалары жок. Жергиликтүү бюджеттен дотация алган бир нече клубду кошпогондо, өлкөдөгү футбол клубдарынын басымдуу көпчүлүгү жеке каржылоонун негизинде иштеп келет.
Мындан тышкары жаштар жана балдар командаларын каржылоого бир нече гана клубдардын мүмкүнчүлүгү бар жана бир дагы клубда бүгүнкү күндө кыз-келиндер командасы жок.
Кыз-келиндер футболунда өлкөнүн эки гана чемпионаты өткөрүлөт. Биринчиси 7 командадан турат, анда 15 жаштан жогорку кыз-келиндер ойнойт, экинчисинде, өзүнө 13 команданы камтыган жаштар чемпионатында 14 жашка чейинки кыздар ойнойт. Кыз-келиндер командалары контракттары жок жана айлык албагандыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда кыз-келиндер футболунда кесипкөйлүк жок.
Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасында 2 зонага бөлүнгөн 14 команда чыгат. Быйылкы жылы ата мекендик футзал клубдарында ойногон легионерлердин жалпы саны 30га жетип, чемпионаттын планкасын жаңы деңгээлге көтөрдү.
Ошондой эле өлкөдө футзал боюнча республикалык, ошондой эле региондук ышкыбоздук футзал лигалары туруктуу негизде иштеп келет.
Мындан тышкары жыл сайын ардагерлер арасында футзал боюнча турнирлер өткөрүлүп, ага Кыргызстан менен Казакстандын ар кандай жаш-курактык категориядагы көп сандаган командалары катышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматтар базасына ылайык өлкөдө 78 мекеме (олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар) иштейт, аларда 182 футбол боюнча окутуу-машыктыруучулар эмгектенет жана 5889 бала футбол менен машыгат.
2021-жылдан тартып Балдар футбол лигасынын (мындан ары - БФЛ) ишинде "FIFA Connect" эл аралык системасы колдонулат, анда жаш-курагы боюнча бардык балдар жана өспүрүмдөр катталат. Азыр бул системада КФБнын колдоосу астында БФЛ өткөрүүчү турнирлерге катышкан 1815 жаш футболчу катталган.
Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы республикалык чемпионат эки зонага (түндүк жана түштүк) бөлүнгөн эки лигада (жогорку жана биринчи), 3 жаш-курактагы категорияда (U14, U15 жана U16) өткөрүлөт. Чемпионатка 72 команда катышат (ар бир лигада 36дан). Ошондой эле жыл сайын Кыргыз Республикасынын Кубогу ар бир категорияда 8ден команда менен 5 жаш-курактык топто (U12, U13, U14, U15 жана U16) ойнотулат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 141 лицензияланган футбол арбитри бар, алардын 11,35%ын аялдар түзөт.
Улуттук деңгээлде футбол калыстарынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Алардын саны 10 жылдын ичинде 3,35 эсеге көбөйгөн. Бирок мында да региондук дисбаланс бар - региондордо калыстар жетишсиз.
Мындан тышкары калыстыктын сапаттык өсүшү сандык өсүштөн артта калууда. Мисалы, эркектер футболунда 2008-жылдан тартып бир да калыс рекрутингди өткөн эмес, ошондуктан FIFAда жаңы калыстары жок. Аялдар калыстыгында иш жакшыраак, мында FIFAда Кыргызстандын эки рефери бар.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда VAR (Video assistant referee) системасы бар, мунун натыйжасында FIFA эрежелери боюнча кыргыз калыстары эл аралык матчтарды тейлөөгө тартыла алат.
Футбол чөйрөсүндөгү учурдагы абалдын себеби болуп футболду өнүктүрүүдөгү өз ара байланышкан көйгөйлөрдүн комплекси саналат, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпысынан дене тарбияны жана спортту, атап айтканда футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде так чагылдырылган стратегиялык мамиленин жоктугу;
- жеке капиталдын футболго катышуусунун төмөн деңгээли, бизнесмендерде жана меценаттарда инвестицияларга дем берүүлөрдүн жоктугу;
- футбол инфраструктура объекттеринин саны жана сапаты өлкөдө кесиптик, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөйт;
- кесипкөй менеджерлерди, спорттук жана техникалык директорлорду, машыктыруучуларды, аналитиктерди, коммерциялык директорлорду, мелдештерди уюштуруучуларды даярдоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугунан улам башкаруучу, спорттук, аналитикалык жана уюштуруучу кадрлардын жетишсиздиги;
- машыктыруучуларды окутуу жана лицензиялоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана суроо-талаптын төмөндүгү. Бүгүнкү күндө лицензиялоо массалык футбол системасында иштөө үчүн номиналдуу түрдө гана зарыл элемент болуп саналат;
- курама командалар менен иштөөдө футболдун улуттук моделинин жоктугу. Улуттук стилдин айырмалоочу өзгөчөлүктөрүнө негизделген оюндун модели көптөгөн өлкөлөрдө курама командалардын жыйынтыктарын трансформациялоонун негизи болуп калды. Оюнду куруудагы жалпы философия жана бирдиктүү мамиле ар кандай жаш-курактагы курама командалар менен иштеген машыктыруучулардын күч-аракетин бириктирүүгө, бир жаш-курактык топтон экинчисине өтүүнү кыйла тең салмактуу кылууга мүмкүндүк берет;
- футбол ишинин бардык маанилүү катышуучуларынын (КФБ, кесиптик футбол клубдары, күйөрмандар, муниципалдык органдар) ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу, бул кыргыз футболун өнүктүрүүнү өтө кармоодо жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө тоскоолдук жаратууда.
Муну менен бирге Кыргызстанда футболду динамикалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдан бери өлкөдө футболдун өнүгүшү жогорулады: ФИФА жана АФК менен болгон байланыштар үзүрлүү өнүгүүдө, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүүдө;
- футболго кызыккан жана аны сүйгөн, анын өнүктүрүүгө жана полярдаштырууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкө жетекчилиги тарабынан футболго көңүл буруу жогорулады.
Бул Программа системалуу өзгөрүүлөрдөн түзүлөт, алар жалпы миссия, амбициялуу жана ошол эле учурда адекваттуу максаттар, конкреттүү жана аткарылуучу милдеттер менен бириктирилген футболдун бардык багыттарын пландуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул планда натыйжалуу коммуникацияларды түзүү, ишин улантуучулукту жана институттук эс тутумду камсыз кылуу, бул Программаны ишке ашыруунун бүткүл жүрүшүндө тандалган курсту карманууну колдоо менен КФБ демилгечи жана кыймылдатуучу болууга тийиш.
3. Программанын максаты
Программанын максаты 2034-жылга карата футбол чындап эле массалык, белгилүү жана жеткиликтүү спорттун түрү болуусу, атаандаштыкка жөндөмдүү оюнчулардын муунун тарбиялоо, кесиптик клубдардын жана курама командалардын позициясын бекемдөө, ошондой эле заманбап инфраструктураны жана тармактын узак мөөнөттүү өсүшүнө шарттарды түзүү үчүн Кыргызстанда футболдун өнүгүшүндө сапаттуу секирик жасоону камсыз кылуу болуп саналат. Бул максатка жетүү 2034-жылга карата футбол кызыгуу жараткан башкы улуттук спортко айланат, өлкөнүн курама командалары ири эл аралык турнирлерде үзгүлтүксүз жана татыктуу ойнойт, ар бир баланын - регионуна, жынысына же мүмкүнчүлүгүнө карабастан - футбол ойноого жана өзүнүн мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга шарттары болот дегенди билдирет.
4. Артыкчылыктуу өнүктүрүү багыттары жана милдеттери
Стратегиялык максатка жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар каралган.
1-багыт. Футбол боюнча ар кандай жаш-курактагы күчтүү курама командалар
Кырдаалды талдоо: оюнчуларды өнүктүрүүнүн натыйжалуу вертикалын (балдар - өспүрүмдөр - чоңдор) түзүү, курама командалардын жана клубдардын бардык жаш-курактык категориялары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу оюнчулардын кеңири тандоосун камсыз кылуу.
Милдеттер:
1) бардык жаш-курактагы курама командалар үчүн улуттук футбол философиясын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү;
2) курама командаларды даярдоо үчүн окуу-машыгуу базасын түзүү;
3) КФБнын элиталык академиясын түзүү;
4) ар кандай жаш-курактагы курама командалардын сапаттуу мелдештик практикасын камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын курама командаларынын кадыр-баркын жогорулатуу.
2-багыт. Туруктуу кесиптик футбол системасы
Кырдаалды талдоо: Өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга болгон суроо-талаптын төмөндүгү жана натыйжада чоң оюнчулардын мотивациясынын төмөн деңгээли жана жаш оюнчуларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги.
ККФЛ командаларынын чыгашалуулугу, аларды каржылоонун жетишсиздиги, күчтүүрөөк лигада ойноого каражаттын жоктугунан деңгээлди жогорулатууга (Биринчи лигадан Жогорку лигага өтүү) умтулуунун жоктугу.
Кыз-келиндер жана балдар футболун өнүктүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк бере турган клубдарды комплекстүү өнүктүрүүнүн жетишсиздиги.
Футбол индустриясын өнүктүрүү үчүн инвестициялоого бизнестин кызыгуусунун жоктугу.
Ички чемпионатка көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун жоктугу, ички ТВ-продуктка суроо-талаптын төмөндүгү.
Милдеттер:
1) оюнчулардын жаштар футболунан чоңдордун футболуна өтүүсүнүн бирдиктүү жана туура түзүлгөн пирамидасын түзүү;
2) мелдештерди өткөрүүгө контролду жакшыртуу;
3) кесипкөй футболчулардын туруктуу эмгек рыногун түзүү;
4) Кыргызстанда кесиптик футболдун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
5) клубдарга көрүүчүлөр аудиториясы менен өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттери, анын ичинде күйөрмандардын укукка каршы аракеттерин алдын алуу боюнча иштөөгө дем берүү;
6) спорттук жана коммерциялык пландарда атаандаштык, кызыктуу чемпионатты уюштуруу.
3-багыт. Квалификациялуу кесипкөй футболчуларды даярдоонун натыйжалуу системасын түзүү
Кырдаалды талдоо: Азыркы учурда спортчуларды даярдоонун улуттук системасы төмөнкү натыйжаны көрсөтүүдө, бул өлкөбүздүн курама командасына башка өлкөлөрдөн натуралдаштырылган футболчуларды тартуу менен ырасталууда.
Балдар-өспүрүмдөр футболун даярдоо системасында спорттук мектептерде иштеген машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясы боюнча гана эмес, даярдоонун сапаты, машыккан жаш футболчулардын саны жана жаш курагы боюнча да бир катар маселелер бар.
Чоңдордун командаларынын саны чектелүү болгондуктан, өспүрүм курактан өтүп жаткан жаш оюнчуларга болгон суроо-талап маселеси толук чечилген эмес.
Футбол машыктыруучуларынын жалпы саны өсүп жатканына карабастан, эң барктуу "Pro", "А" жана "В" категорияларына чоң суроо-талап жок, мунун себеби окутуунун наркынан гана эмес, мындай деңгээлдеги адистерге суроо-талап өлкө ичинде азырынча аз болуп, ал эми чет өлкөлөрдө ата мекендик машыктыруучуларга суроо-талаптын жоктугунан. Мындан тышкары бүгүнкү күндө массалык футбол системасында лицензиялоо машыктыруучу катары иштөө үчүн зарыл элемент болуп саналбайт.
Футбол инфраструктурасынын саны жана сапаты өлкөдөгү кесиптик жана массалык футболдун өнүгүшүнө салым кошпой жатат.
Милдеттер:
1) кесиптик клубдарга караштуу футбол боюнча балдар-өспүрүмдөр жана жаштар академияларын түзүү;
2) футболчуларды спорттук даярдоонун бирдиктүү стандартын колдонуу;
3) таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан спорттук даярдоо мекемелерин үзгүлтүксүз милдеттүү аттестациялоо системасын киргизүү;
4) жеке бизнестин футболдук даярдоо мекемелери менен кызматташууга кызыгуусун жогорулатуу;
5) футболдун бардык түрлөрү жана багыттары боюнча өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу.
4-багыт. Массалык футболду уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана анын кеңири жайылышына шарт түзүү
Кырдаалды талдоо: Кыргызстанда футболдун популярдуулугу өсүүдө, бул футбол аянтчаларынын санынын акырындык менен көбөйүшү, аларда оюндардын тынымсыз өткөрүлүп турушу, ошондой эле спорт-барлардын жана күйөрмандар сүйүктүү командаларынын катышуусундагы беттештерди чогуу көрө ала турган жерлердин салыштырмалуу көп болушу менен ырасталат.
Өлкөдө республикалык жана региондук ышкыбоздук футбол жана футзал лигалары туруктуу негизде иштейт. Көпчүлүк ышкыбоздук лигалардын мелдештери жана иш-чаралары калк арасында жергиликтүү, райондук жана региондук спорттук иш-чаралардын календардык пландарына киргизилген. Бул иш-чараларды уюштуруу КФБ жана анын региондук бөлүмдөрү менен бирдикте жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары футболдун олуттуу бөлүгү өз алдынча уюшулган формаларда иштеп келет. Бул деңгээлдеги мелдештер мелдештин календардык планына киргизилген эмес, катышкан командалар жана өткөрүлгөн матчтар жөнүндө маалымат расмий футбол уюмдарында белгиленген эмес. Мындай лигалар демилгенин жана оюнчулардын каражаттарынын эсебинен иштейт. Бала кезде бул, негизинен окуган же жашаган жериндеги мелдештер. Чоң футболчулар мелдештерди аймактык жана кесиптик багыттар боюнча уюштурат.
Футболду кыйла динамикалуу өнүктүрүү үчүн өз алдынча уюшулган футболдон кесиптик футболго өтүүчү аракеттерди кеңейтүү жана камсыз кылуу үчүн шарттар жетишсиз.
Милдеттер:
1) жыл сайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде массалык футболдогу кырдаалды үзгүлтүксүз талдоо;
2) КФБнын эгидасында үзгүлтүксүз футболдук мелдештерге тартуу үчүн футболдун өз алдынча уюшулган субъекттерине дем берүү;
3) массалык футбол менен системалуу иштөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү жана өнөктөштөрдү издөө жана тартуу;
4) "Мен чемпион" долбоорун ишке ашыруу.
5-багыт. Машыктыруучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо
Кырдаалды талдоо: футбол системасын ийгиликтүү өнүктүрүү жана анын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу иштеши үчүн тийиштүү толук масштабдуу кадрдык, инфраструктуралык жана маалыматтык камсыздоо зарыл. Албетте, көптөн бери топтолгон көйгөйлөрдүн бардык спектрин бир эле учурда чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, аларды чечүү так жана реалдуу индикаторлорду жана аткаруунун ыкмаларын белгилөө менен этап-этабы менен болууга тийиш.
Милдеттер:
1) футбол машыктыруучуларын даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун колдонуудагы системасынын натыйжалуулугун талдоо;
2) футбол машыктыруучуларын даярдоо программасына түзөтүүлөрдү киргизүү;
3) футбол чөйрөсүнө тартылган бардык машыктыруучуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү;
4) спорт мектептериндеги машыктыруучу-окутуучулардын, анын ичинде футбол боюнча машыктыруучулардын эмгек акысын функционалдык талдоо жүргүзүүнүн, спорттук мекемелердин штаттык санын оптималдаштыруунун жана финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин эмгек акысынын деңгээлине ылайык келтирүү.
Кандай болбосун тармактын өнүгүшү жаңы билимдерди, көндүмдөрдү жана тажрыйбаны алып жүрүүчүлөрсүз ийгиликтүү боло албайт. Спорттук ишмердүүлүктүн бардык тармактарында (машыктыруучулар, менеджерлер, аналитиктер, методисттер, юристтер, спорттук медиктер, коопсуздук боюнча адистер, PR-адистер, калыстар жана башкалар) жогорку квалификациялуу кадрларды өстүрүү, түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө даяр жана алардын зарылдыгын түшүнгөн кадрлар өзгөрүүлөрдүн сапатын жана кайтарылгыстыгын камсыз кылат.
Машыктыруучулар курамын даярдоо (квалификациясын жогорулатуу).
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда даярдоо программалары иштелип чыккан жана окутуу жүргүзүлүп жаткан бирден-бир спорттук адистик болуп машыктыруучулук-окутуучулук иши, бул багыттагы сапаттуу өзгөрүүлөр өтө маанилүү болуп саналат, бирок ошону менен бирге олуттуу убакыттык жана ресурстук чыгымдарды, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу үчүн дем берүү механизмдерин талап кылат.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн машыктыруучулар курамынын сапаттык жана сандык өсүшү зарыл, бул үчүн машыктыруучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо зарыл, ал АФК жана КФБ лицензиялары бар жогорку квалификациялуу жана талап кылынган машыктыруучулардын санынын өсүшүн камсыздай алат.
6-багыт. Футболдук уюмдарда жогорку квалификациялуу спорттук менеджерлердин, бардык багыттар боюнча адистердин, спорттук дарыгерлердин жана медициналык адистердин болушу
Кырдаалды талдоо: футболдук уюмдарда башкаруунун бардык деңгээлиндеги жогорку квалификациялуу спорттук менеджерлердин болушу футболду өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Тилекке каршы, ушул убакка чейин адистердин бул категориясын даярдоого тийиштүү көңүл бурулбай келген. Өлкөдө футбол чөйрөсүндөгү башкаруучу кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо системалык деңгээлде жүргүзүлбөйт.
Футболдук процесстерди уюштурууга жооптуу спорттук менеджерлерди, адистерди, спорттук дарыгерлерди жана медициналык адистерди даярдоо (квалификацияны жогорулатуу).
Милдеттер:
1) футбол ишинин ар кандай багыттары боюнча менеджерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгууну демилгелөө;
2) жогорку окуу жайларынын окуу пландарына спорттук менеджерлерди даярдоо программаларын киргизүү;
3) медициналык жогорку окуу жайларынын окуу пландарына спорттук дарыгерлерди жана медициналык адистерди даярдоо программаларын киргизүү.
7-багыт. Кыргызстандагы футбол калыстыгы дүйнөлүк деңгээлге шайкеш келиши
Кырдаалды талдоо: футбол калыстарынын саны жыл сайын өсүп жатканына карабастан, дагы деле жетишсиз. Калыстарды техникалык камсыздоодо заманбап талаптардан артта калуу байкалууда.
Футбол калысынын сапатында да кемчиликтер бар, бул жалпы даярдык деңгээлинин жетишсиздигинен жана кесиптик атаандаштыктын жоктугунан келип чыгат.
Бул Программанын алкагында футбол жалпы улуттук байлыкка жана калктын негизги хоббисине айланып, сергек жашоо образын, жаштардын социалдык биримдигин чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек. Бул, атап айтканда, футболдун массалык мүнөзүнүн байкалаарлык жогорулашында, жарандардын катышуусунда жана өлкөнүн футболдогу ийгиликтери аркылуу таанылышында (мисалы, улуттук курама команданын дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына жана башка ири турнирлерге катышуусу) көрүнөт.
Милдеттер:
1) футбол арбитрин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын модернизациялоо; футбол ишинин ар кандай багыттары боюнча менеджерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгууну демилгелөө;
2) арбитрлердин ар бири жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматы бар портфолиону камтыган бардык калыстарды эсепке алуу системасын киргизүү;
3) калыстыктын футболдук-техникалык камсыздалышын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын дүйнөлүк практикага ылайык модернизациялоо.
8-багыт. Заманбап стандарттарга ылайык келген футбол инфраструктурасын түзүү
Кырдаалды талдоо: футбол инфраструктурасында азыркы учурда төмөнкүдөй бир катар көйгөйлөр бар, алсак:
- өлкөдө жалпысынан футбол объекттеринин санынын жетишсиздиги;
- стадиондордун абалы заманбап футбол стандарттарына ылайык келбейт;
- бир нече кесиптик клубдардын гана окуу-машыгуу базалары бар, ал эми курама командаларда такыр жок;
- чачыранды башкаруу, башкача айтканда кээ бир стадиондор мамлекеттик башкарууда, айрым объекттер муниципалитеттерге таандык, ал эми дагы бир бөлүгү - жеке менчикте;
- инфраструктуралык объекттердин абалын жана пайдаланылышын бирдиктүү эсепке алуу жана контролдоо боюнча бирдиктүү системасынын жоктугу.
Кыргызстандын курама командалары Азия чемпионаттарынын финалдык баскычтарына туруктуу чыгып, улуттук курама команда дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алган, кыргыз клубдары эл аралык клубдук турнирлерде ийгиликтүү ойноп жаткан учурда заманбап стандарттарга жооп берген футбол инфраструктурасын түзүү. Жетишкендик катары - өлкөдө күйөрмандарды жана инвесторлорду тарткан атаандаштыкка жөндөмдүү Жогорку лига түзүлдү; кесиптик клубдар туруктуу финансылык базага, өнүккөн инфраструктурага, улуттук жана региондук деңгээлде белгилүү брендге ээ.
Милдеттер:
1) менчиктин бардык түрүндөгү футбол инфраструктурасынын объекттеринин алар жөнүндө толук жана анык маалыматтарды камтыган маалыматтар базасын өркүндөтүү;
2) футбол инфраструктурасынын объекттеринин мелдештерди өткөрүү талаптарына шайкеш келиши;
3) футбол инфраструктурасынын объекттеринин санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу;
4) футбол инфраструктурасынын объекттеринин иштешин, күтүүнү жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
5) футбол инфраструктурасынын объекттерин техникалык жактан жабдуу;
6) футбол инфраструктурасынын объекттерин тейлөө жана кам көрүү үчүн квалификациялуу персонал менен камсыз кылуу;
7) орто билим берүү мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
8) Бишкек шаарында борбордук футбол стадионун куруу.
9-багыт. Футболду популярдаштыруу үчүн футбол уюмдарынын, мамлекеттин, кесипкөй футболчулардын, футбол сүйүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын күч-аракеттерин бириктирүү
Кырдаалды талдоо: Акыркы он жылдыкта өлкөдө футболго болгон кызыгуу кыйла өстү. Кыргызстанда футболдун белгилүүлүгү футбол талааларына жана мини-футбол аянтчаларына болгон талап менен тастыкталууда. Улуттук курама команданын ийгиликтери, эл аралык аренада клубдук футболдун позициясын бекемдөө, совет доорунан кийинки мейкиндикте "Барселона" футбол клубунун жалгыз академиясынын ачылышы калк арасында ушул спорттун түрүнө болгон кызыгуунун барган сайын күчөтүлүшүн шарттады.
Футболду өнүктүрүүнү маалыматтык камсыздоо.
Ошону менен бирге футболду ийгиликтүү өнүктүрүү, ага оюнду сүйүүчүлөрдү көбүрөөк санда тартуу жана көрүүчүлөр аудиториясын көбөйтүү үчүн маалыматтык саясатты түзүү зарыл - футболдук уюмдардын, мамлекеттин, кесипкөй футболчулардын, футбол сүйүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын күч-аракетин бириктирүүгө жана футболду популярдаштырууга кызмат кылууга жөндөмдүү идея керек. Маалыматтык жана коммуникациялык иш-чаралардын туура түзүлгөн жана ырааттуу системасы керек.
Футболду популярдаштыруу үчүн футболдук уюмдардын, мамлекеттин, кесипкөй футболчулардын, футбол сүйүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү.
Милдеттер:
1) 2026-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга маалыматтык колдоону камсыз кылуу;
2) футболчу жана машыктыруучу кесиптеринин белгилүүлүгүн жана кадыр-баркын жогорулатуу.
5. Күтүлүүчү натыйжа
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжалар күтүлүүдө:
- футбол кызыгуу жараткан башкы улуттук спорттук оюндардын бири болуп саналат;
- Кыргызстандын футбол боюнча курама командалары эл аралык аренада туруктуу жогорку натыйжаларды көрсөтөт;
- Кыргызстандын улуттук курама командасы - футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык стадиясынын катышуучусу;
- Кыргызстандын чемпионаты барктуу, кызыктуу, анда күчтүү кесиптик клубдар ойнойт;
- ККФЛ футбол клубдарынын өнүккөн инфраструктурасы, туруктуу каржылоо булактары бар, ал эми алардын аталыштары өлкөдө белгилүү жана чет өлкөлөрдө кеңири таанылган;
- Кыргызстандын курама командаларында жана кесиптик клубдарда жогорку класстагы кыргыз футболчуларын тандоого саны кыйла жетиштүү;
- калктын көпчүлүгү өмүр бою футбол ойноо менен алек болуп, сергек жашоо мүнөзүнө артыкчылык берет;
- массалык футбол кеңири жайылган жана жакшы уюштурулган;
- футболдук экосистема квалификациялуу кадрлар менен камсыздалган: машыктыруучулар (анын ичинде аял машыктыруучулар), калыстар, спорттук дарыгерлер, менеджерлер жана керектүү лицензияга/квалификацияга ээ болгон жана футболдо сапаттуу машыгуу процессин, калыстыкты жана башкарууну камсыз кылган башка адистер жетиштүү санда;
- спорттук инфраструктура объекттеринин саны жана сапаты заманбап стандарттарга ылайык келет жана керектөөлөрдү камсыз кылат;
- бардык кызыкдар тараптар - мамлекеттик органдар, КФБ, региондук федерациялар, клубдар, бизнес, күйөрмандар жана футбол сүйүүчүлөр коомчулугу футболду өнүктүрүү үчүн активдүү өз ара аракеттенишет. Бирдиктүү маалыматтык саясат ишке ашырылууда: футбол жана футболдогу кесиптер (футболчу, машыктыруучу ж.б.) жогорку кадыр-баркка ээ, футболду ЖМКда жакшы жагынан маалыматтык коштоо барган сайын өсүүдө. Бул футболду туруктуу популярдаштырууну камсыз кылат жана Программаны ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
- эл аралык стандарттарга жооп берген футбол объекттери, анын ичинде Бишкек шаарындагы жаңы борбордук стадион, ошондой эле региондордогу көптөгөн талаалар, аянтчалар курулган жана реконструкцияланган. 2034-жылга чейин спорттук курулмалардын сапаты жана саны кесиптик жана массалык футболдун керектөөлөрүн канааттандырат.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда футболду динамикалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдыкта өлкөдө футболдун өнүгүшү жогорулады: FIFА жана АФК менен байланыштар бекемделип жатат, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүп жатат;
- футболго кызыккан, аны өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкөнүн жетекчилиги тарабынан футболго көңүл бурула баштады;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 81 "2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыкты;
- өлкөдө футбол инфраструктурасынын объекттерин активдүү куруу жана реконструкциялоо башталды;
Программанын максатына жетүүнүн натыйжасында 2034-жылга чейин футбол Кыргызстанда кызыгуу жараткан башкы улуттук спортко айланат, бул төмөнкүлөрдү билдирет:
- өлкөдө футболдун белгилүүлүгүнүн олуттуу өсүшүн;
- футбол ойногондордун санынын олуттуу көбөйүшүн;
- кыргыз клубдарынын эл аралык турнирлерде үзгүлтүксүз ийгиликтүү чыгууларын;
- Кыргызстандын курама командаларынын Азия жана дүйнө чемпионаттарынын финалдык этаптарына чыгуусун.
Футбол бир катар себептерден улам ушундай болушу мүмкүн:
- ал Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө эң белгилүү жана эң көрүнүктүү спорттун түрү болуп саналат;
- балдар үчүн да, 50 жаштан ашкан курактагы адамдар үчүн да жеткиликтүү, форматтары боюнча ийкемдүү жана салыштырмалуу арзан, бул калктын массалык түрдө катышуусуна өбөлгө түзөт;
- бул көп кырдуу көрүнүш, ал өзүнө спорттук гана эмес, социалдык функцияны да камтыйт, ар бир адамга спорт менен машыгууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат;
- калктын ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт;
- социалдык жана экономикалык чөйрөлөргө оң таасирин тийгизиши мүмкүн;
- клубдардын жана курама командалардын ийгиликтүү оюндары өлкөнүн эл аралык деңгээлде кадыр-баркын көтөрөт;
- бул командалык спорттун түрү, анда ийгилик даярдык процессине катышкан бардык адамдардын биргелешкен ишинен көз каранды, коомдун ар кандай катмарын чагылдырган күйөрмандарды бириктирип, коомдук жашоонун бардык аспектилерине активдүү таасир бере алат.
Программанын негизинде футболдун бардык компоненттерин өнүктүрүүгө системалуу мамиле жатат. Бир же бир нече багытты гана өнүктүрүүгө аракетти топтоо туура эмес болот. Башкаларды жетишсиз баалоо системалык тең салмактуулуктун бузулушуна, ресурстарды жана күч-аракеттерди туура эмес сарптоого, акыр аягында - коюлган максаттарга жетпей калууга алып келиши мүмкүн. Комплекстүү мамиле гана бүтүндөй футбол тармагынын ийгиликтүү өнүгүшүн жана анын узак жылдарга туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Футбол системасынын бардык механизмдери бир бүтүн катары иштеши керек.
Ошол эле учурда узак мөөнөттүү келечектеги футболду өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана чыгымдары бар, алар ушул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруудагы негизги тобокелдиктер болуп саналат.
Институттук жана башкаруу көйгөйлөрү:
- футболдук системаны башкаруунун бүтүн улуттук моделинин жоктугу, КФБ, клубдар, региондор жана бийлик органдарынын ортосундагы координациянын начардыгы;
- жетишсиз институттук эс тутум жана спорттук саясаттын укук улантуучулугунун начардыгы;
- стратегиялык пландаштыруунун жана финансылык болжолдоонун узак мөөнөттүү механизмдеринин жоктугу;
- региондук футбол түзүмдөрүнүн начар өнүгүшү жана менеджменттин жана отчеттуулуктун бирдиктүү стандарттарынын жоктугу;
- башкаруучулардын чектелген компетенциялары жана профилдик билими бар спорт менеджерлеринин жетишсиздиги.
Финансылык-экономикалык чыгымдар:
- футбол тармагынын инвестициялык жагымдуулугунун төмөндүгү; жеке сектор үчүн стимулдардын жоктугу;
- көпчүлүк клубдардын бир жолку субсидияларга же жеке донорлорго көз карандылыгы;
- футболдук продуктуну (мерчандайзинг, трансляция укуктары, билет программасы) узак мөөнөттүү каржылоо жана коммерциялаштыруу системасынын жоктугу;
- кесиптик, балдар-өспүрүмдөр жана кыз-келиндер футболунун ортосунда финансынын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдеринин жетишсиздиги.
Инфраструктуралык жана материалдык-техникалык көйгөйлөр:
- эскирүү, жешилүү жана спорттук инфраструктуранын чектелгендиги, эл аралык стандарттарга шайкештиктин төмөндүгү;
- күчтүү региондук дисбаланс: негизги инфраструктура Бишкек жана Манас шаарларында топтолгон;
- футболдук объекттерди борборлоштурулган эсепке алуунун жана паспорттоштуруунун жоктугу;
- массалык футбол үчүн машыгуу базаларынын жана аянтчаларынын жетишсиз өнүгүшү;
- өзүн-өзү актоочу натыйжалуу моделдери жок стадиондорду күтүүгө кеткен жогорку эксплуатациялык чыгымдар.
Кадрдык жана билим берүү көйгөйлөрү:
- машыктыруучулардын, калыстардын, спорт дарыгерлеринин жана менеджерлеринин квалификациясынын жетишсиздиги;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөр жана кадрларды даярдоо боюнча системалуу программалардын жоктугу;
- келечектүү адистердин чет өлкөгө чыгып кетиши жана жаш машыктыруучулардын мотивациясынын төмөндүгү;
- аял машыктыруучулардын жетишсиздиги жана кыз-келиндер футболунун кесипкөйлүк деңгээлинин төмөндүгү.
Социалдык-маданий чыгымдар:
- күйөрмандардын, фан-клубдардын маданиятынын начар өнүгүшү, жарандык коомдун чектелген катышуусу;
- мектептердин жана университеттердин программалары массалык футболго жетиштүү түрдө тартылбагандыгы;
- кыз-келиндер жана инклюзивдик футболдун деңгээлинин төмөндүгү;
- медиаколдоонун чектелгендиги жана начар спорттук журналистика;
- коррупцияга, келишимдик матчтарга жана таза оюндун бузулушуна каршы күрөшүү боюнча системалуу чаралардын жетишсиздиги.
Технологиялык жана инновациялык чакырыктар:
- маалыматтарды, статистиканы жана аналитиканы башкаруу үчүн санариптик платформалардын жоктугу;
- VAR жана калыстык кылууну техникалык камсыздоо системаларынын өнүкпөгөндүгү;
- машыгуу процессинде инновациялардын жетишсиздиги (спорттук аналитика, медицина, тамактануу, IT-мониторинг);
- документ жүгүртүүнү жана программалардын мониторинг жүргүзүүнү санариптештирүүнүн төмөндүгү.
Репутациялык жана эл аралык тобокелдиктер:
- Кыргызстанды FIFA/АФК эл аралык түзүмдөрдө көрсөтүлүшүнүн жетишсиздиги;
- клубдардын жана курама командалардын эл аралык турнирлерге катышуусунун чектелиши;
- чет өлкөлүк машыктыруучуларды, инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуудагы кыйынчылыктар;
- кыргыз футбол брендинин чет өлкөлөрдө таанылуу деңгээлинин төмөндүгү.
Ушул Программанын иш-чаралар планында саналып өткөн тобокелдиктерди жана чыгымдарды жоюу үчүн аны ишке ашырууну натыйжалуу жана жемиштүү кылууга жөндөмдүү чаралар/аракеттер каралган.
7. Тобокелдиктерди башкаруу
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу потенциалдуу тобокелдиктерди активдүү башкарууну талап кылат. Пландоонун жүрүшүндө максаттарга жетүүгө таасир этүүгө жөндөмдүү тобокелдиктердин негизги топтору идентификацияланды, алардын ыктымалдуулугу жана таасири боюнча баалоо жүргүзүлдү, ошондой эле көрүлүүчү (минималдаштыруу) чаралары аныкталды. Төмөндө тобокелдиктердин негизги типтери жана аларды башкаруу мамилелери берилди.
Институционалдык жана башкаруу тобокелдиктери: футбол тармагын башкаруу системасындагы кемчиликтерге байланыштуу. Ыктымалдуулук: орточо. Таасири: жогору. Мисалы, футболду башкаруунун бирдиктүү моделинин жоктугу, КФБ, кесипкөй клубдардын, региондордун жана мамлекеттик органдардын ортосундагы координациянын начардыгы, ошондой эле спорттук саясаттын жетишсиз улануусу (жетекчиликтин алмашуусу демилгелердин токтотулушуна алып келиши мүмкүн).
Көрүлүүчү чаралар: бекем институционалдык негизди түзүү - футбол боюнча координациялык кеңеш; узак мөөнөттүү стратегияны (ушул Программаны) өкмөттүк деңгээлде бекитүү, ал жетекчиликтин алмашуусуна карабастан аткарылууга милдеттүү; федерациянын, лиганын, региондордун спорт комитеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү регламенттерин иштеп чыгуу (жоопкерчиликти так бөлүштүрүү); документтештирүү системасы аркылуу институционалдык эстутумду бекемдөө, билим берүү (мисалы, методикалык колдонмолор, маалымат базалары); мамлекет менен футбол уюмдарынын ортосундагы туруктуу диалог. Ошондой эле менеджерлерди окутуу жана кесипкөйлөштүрүү пландалган (кадрдык тобокелдиктерди кароо) - бул башкаруу каталарын азайтат.
Финансылык-экономикалык тобокелдиктер: каржылоонун жетишсиздиги же туруксуздугу, экономикалык кризистер. Ыктымалдуулук: орточо (сектор демөөрчүлөргө жана бюджетке көз каранды). Таасири: орточо. Көйгөйлөргө футболдун инвестициялык жагымдуулугунун төмөндүгү, жеке сектор үчүн дем берүүлөрдүн жоктугу, клубдардын донорлорго көз карандылыгы, коммерциялаштыруунун узак мөөнөттүү механизмдеринин жоктугу (телеукуктар, мерчандайзинг ж.б.) кирет.
Көрүлүүчү чаралар: Каржылоо булактарын диверсификациялоо - инфраструктура үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) ишке киргизүү, демөөрчүлөргө салыктык жеңилдиктерди берүү, футболдук кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү (телеберүүлөр, жарнама, атрибутика). Клубдар үчүн өзүн-өзү актоосун жогорулатууга дем берүүлөр: лицензиялоодо бизнес-пландарды талап кылуу, маркетингди колдоо. Финансылык тобокелдиктерге туруктуу мониторинг жүргүзүү (сметаларды жыл сайын кайра кароо).
Инфраструктуралык тобокелдиктер: спорттук объекттердин жетишсиздигинен же канааттандырарлык эмес абалынан улам максаттарга жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Ыктымалдуулугу: жогору. Таасири: жогору. Көйгөйлөр: инфраструктуранын жарактан чыгышы жана эскириши, күчтүү региондук дисбаланс (объекттердин көбү Бишкекте, облустарда жетишсиз), объекттерди борборлоштурулган эсепке алуунун жоктугу, стадиондорду актоо механизмдери жок эле күтүүгө кеткен жогорку чыгымдар.
Көрүлүүчү чаралар: пландалган масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу - борбордук стадионду куруу жана негизги стадиондорду реконструкциялоо; объекттердин электрондук базасын алардын "паспорттору" менен түзүү; жергиликтүү бюджеттерди жана жеке инвестицияларды кошо каржылоо шарттарында тартуу (мисалы, муниципалитеттер жерди жана каражаттын бир бөлүгүн бөлүп берет, жеке инвестор - калганын, анын ордуна стадиондогу коммерциялык ишке укук алат). Ошондой эле эксплуатациялоого заманбап мамилелерди ишке киргизүү: стадиондорду концессия шартында кесипкөй клубдарга же операторлорго башкарууга берүү, бул бюджетке түшкөн жүктү азайтат жана объекттерди натыйжалуу башкарууну жана сактоону камсыз кылат (мисалы, стадиондор киреше табуу үчүн концерттер, спорттук мелдештер үчүн көп функционалдуу арена катары колдонулушу мүмкүн). Бул максаттар үчүн максаттуу багыты боюнча объекттердин иштөө, күтүү жана пайдалануу шарттарын караган ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана ишке ашыруу зарыл. Футбол аянтчасы - бул кымбат баалуу ырахат, ал олуттуу финансылык, техникалык жана адамдык ресурстарды талап кылат. Аны куруу, күтүү жана эксплуатациялоо чоң чыгымдар менен байланыштуу: негизин даярдоодон, дренаждык системадан жана бетин төшөөдөн (табигый же жасалма газон) тартып туруктуу кам көрүүгө чейин - сугаруу, кыркуу, аэрация, жер семирткич жана эскирген жерлерди алмаштыруу.
Ар бир курулган спорттук объект - бул улуттун саламаттыгына жана спорттун келечегине салым.
Талааны сарамжалдуу пайдалануу спорттун өнүгүшүнө, спортчуларды даярдоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт (8-багытта чагылдырылган).
Объекттердин абалына туруктуу техникалык мониторинг жүргүзүү ушул Программанын иш-чаралар планына киргизилген (жылына бир жолу инспекция) - бул авариялык кырдаалдар келип чыкканга чейин оңдоолорду пландоого мүмкүндүк берет.
Кадрдык тобокелдиктер: квалификациялуу адистердин жетишсиздиги жана кадрлардын кетиши. Ыктымалдуулугу: орточо. Таасири: жогору. Айрыкча, квалификациялуу машыктыруучулар, калыстар, спорт менеджерлери, спорт врачтары жетишсиз болушу мүмкүн; квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, айлык акынын төмөндүгүнөн улам таланттуу жаш машыктыруучулардын чет өлкөгө кетип калуу тобокелдиги бар; аял машыктыруучулардын жана адистердин санынын аздыгы, аялдар футболунун начар өнүгүшү.
Көрүлүүчү чаралар: Программанын кадрдык блогун масштабдуу ишке ашыруу: машыктыруучуларды даярдоо системасын реформалоо (5-багытта каралган), өлкө ичинде квалификацияны жогорулатуу курстарын жана борборлорун түзүү, чет элдик борборлор менен өнөктөштүк (алмашуу, стажировка). Кадрларды кармап калуу үчүн - төлөм маселелерин иштеп чыгуу: мисалы, балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин машыктыруучу-окутуучуларынын эмгек акысын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин деңгээлине жеткирүү (функционалдык талдоонун сунуштамаларын эске алуу менен); жаш машыктыруучулар үчүн гранттарды, стипендияларды белгилөө. Калыстар үчүн - кесиптик аттестацияны ишке киргизүү, алардын эмгек акысын федерациянын/лиганын каражаттарынан төлөө, VARды ишке киргизүү калыстыктын кадыр-баркын жана сапатын жогорулатат. Өзгөчө көңүл аял адистерди тартууга бурулат: аял машыктыруучуларды окутуунун квоталары же максаттуу программалары, аларды жалдоого дем берүү (мисалы, аялдар командасынын машыктыруучусунун ставкасын субсидиялоо). Ошондой эле тобокелдиктерге кадрлардын арасындагы жаңылыктарга каршылык көрсөтүү (методдорду өзгөртүүнү каалабоо) кирет - бул үчүн маалыматтык ишти жүргүзүү жана реформаларды илгерилетүүгө пикир лидерлерин (спорттун атактуу ардагерлерин) тартуу каралууда.
Социалдык-маданий тобокелдиктер: коомдук катышуу жана колдоо факторлору. Ыктымалдуулугу: орточо. Таасири: орточо. Мисалы, күйөрмандар маданиятынын начар өнүгүшү (агрессивдүү жүрүм-турум, ээн баштык), калктын футболдун уюшкан түрлөрүнө (мектеп, университет) жетишсиз тартылышы, аялдардын жана инклюзивдик футболго карата терс пикирлер (кызыгуунун төмөндүгү), медианын колдоосунун чектелгендиги жана спорттук журналистиканын начардыгы, ошондой эле таза оюн принциптерин (fair play) бузуу тобокелдиктери (келишимдик оюндар, коррупция).
Көрүлүүчү чаралар:
1) фан-маданиятты өнүктүрүү үчүн - клубдар КФБ менен биргеликте күйөрмандар менен иштөө программаларын ишке ашырат (расмий фан-клубдарды түзүү, стюарддарды окутуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте стадиондордо укук бузуулардын алдын алуу). Үй-бүлө менен беттештерге барууну пропагандалоо, фанаттар үчүн маданий иш-чараларды өткөрүү агрессияны азайтат;
2) жаштарды тартуу - мектептерде жана ЖОЖдордо футболду активдештирүү: "Мектеп лигасы", "Университет лигасы" мелдештерин ишке киргизүү, бул Иш-чаралар планында эске алынууда. Бул тартылгандардын базасын кеңейтет;
3) аялдар жана инклюзивдик футболдогу стереотиптерди жеңүү - маалыматтык өнөктүктөр, футболчу кыздардын ийгиликтеринин окуялары, инклюзивдик иш-чараларды (атайын олимпиадалар, майыптыгы бар адамдар үчүн турнирлер) жалпы улуттук календарларга интеграциялоо;
4) медиа колдоо - ЖМК менен кызматташуу: мүмкүн КФБнын алдында адистештирилген футбол медиа борборун түзүү, спорттук журналисттерди окутуу, футбол жөнүндө мыкты материалга конкурстар;
5) коррупцияга каршы чаралар - регламенттерди так сактоо: КФБ этика кодексин, келишимдик беттештерди аныктоо үчүн укук коргоо органдары менен кызматташууну, бузуулар жөнүндө анонимдүү маалымдоо системасын.
Программада коррупцияга нөлдүк толеранттуулук каралган: аныкталган ар кандай учурлар санкцияларга жана жол-жоболорду (мисалы, калыстарды беттештерге кокустук менен дайындоо системасы, оюндардын электрондук протоколдору ж.б.) кайра кароого алып келет.
Технологиялык жана инновациялык тобокелдиктер: Футболдо заманбап технологияларды колдонуудагы артта калуу. Ыктымалдуулугу: орточо. Таасири: орточо. Мисалы, статистика жана маалыматтарды башкаруу үчүн санариптик платформалардын жоктугу, арбитрдин видеоассистенти (VAR) системасынын өнүкпөгөндүгү, машыгуу процессиндеги инновациялардын жетишсиздиги (спорттук аналитика, спорт илими), документ жүгүртүүнүн санариптештирүү деңгээлинин төмөндүгү.
Көрүлүүчү чаралар: пландалган инновациялык демилгелерди ишке ашыруу - Кыргыз Республикасынын футболунун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү (оюнчуларды, мелдештерди каттоо, статистика - мүмкүн, FIFA Connect же анын аналогдорунун колдоосу менен); VARды ишке киргизүү - адегенде ички чемпионаттын негизги беттештеринде, бул үчүн талап кылынган сандагы техникалык персоналды окутуу зарыл; аналитика системаларын ишке киргизүү (мисалы, скаутинг академиялардагы жана клубдардагы видеоталдоо үчүн программалар - FIFA Forward гранттары аркылуу болот). Ошондой эле башкарууну санариптештирүү - клубдардын, федерациялардын отчеттуулугун электрондук форматка которуу, бул маалымат алмашууну тездетет жана бюрократияны кыскартат. Туруктуулук үчүн персоналды жаңы технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү, техникалык тейлөөгө бюджет бөлүү маанилүү. Бул тобокелдиктерди эске алуу менен Программа Кыргыз Республикасынын футболун санариптик трансформациялоо үчүн негиз түзөт.
Репутациялык жана эл аралык тобокелдиктер: Кыргызстандын футболунун имиджине жана эл аралык кызматташтык деңгээлине коркунучтар. Ыктымалдуулугу: орточо; Таасири: орточо. Факторлор: Кыргыз Республикасынын FIFA/АФК түзүмдөрүндө жетишсиз өкүлчүлүгү (Кыргыз Республикасынан кызмат адамдары аз), клубдардын/курама командалардын эл аралык турнирлерге чектелген катышуусу (үзгүлтүксүз практика жок - тажрыйбага жана таанымалдуулукка таасирин тийгизет), чет өлкөлүк адистерди, инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуудагы кыйынчылыктар (лиганын имиджинин жетишсиздигинен улам), кыргыз футбол брендинин чет өлкөлөрдө төмөн таанымалдуулугу.
Көрүлүүчү чаралар:
1) активдүү эл аралык саясат: КФБ мамлекеттин колдоосу менен АФКнын, Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) жана ал тургай FIFAнын комитеттерине өкүлдөрдү көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эл аралык олимпиада комитети аркылуу дипломатиялык күч-аракеттер Кыргызстандын позициясын бекемдеши мүмкүн;
2) турнирлерге катышуу: клубдарды бардык жеткиликтүү турнирлерге (АФК кубогу, региондук мелдештер) катышууга дем берүү; тажрыйбаны жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасында эл аралык турнирлерди (мисалы, CAFA жаштар чемпионаттарын) уюштуруу;
3) чет өлкөлүк тажрыйбаны тартуу: акылга сыярлык чекте курама командаларга, клубдарга чет өлкөлүк машыктыруучуларды же консультанттарды чакыруу - натыйжаларга жана имиджге жардам берет. Аларды тартуу үчүн атаандаштык шарттарын (контракттарды, иштөө шарттарын) кароо;
4) бренд маркетинги: кыргыз футболу жөнүндө англис тилиндеги медиа контентти түзүү, имидждик долбоорлорду илгерилетүү (мисалы, чет өлкөдөгү кыргызстандык оюнчулардын ийгилик тарыхы), социалдык тармактардагы активдүүлүк. Бул таанылууну жогорулатат;
5) инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү: форумдар, презентациялар аркылуу спортко салым кошуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү (мисалы, футбол клубу аркылуу өлкөнүн туристтик брендин жарнамалоо). Курама команданын же клубдардын эл аралык аренада ийгиликке жеткен учурларын өлкөнү илгерилетүү үчүн максималдуу пайдалануу.
Программа башынан эле бул тобокелдиктерди эске алат: ушул Программанын Иш-чаралар планында ар бир багыт боюнча тиешелүү тобокелдиктерди төмөндөтүүчү конкреттүү иш-аракеттер каралган. Тобокелдиктерди башкаруу - бул үзгүлтүксүз процесс: жылдык жана этаптык ишке ашырууга сереп салууларда тобокелдик профилдери кайра каралып чыгат жана зарыл болгон учурда жаңы таасир этүү чаралары иштелип чыгат. Мындай активдүү ыкма татаал шарттарда Программанын ийкемдүүлүгүн камсыздайт жана бардык пландалган натыйжаларга жетүү ыктымалдыгын жогорулатат.
8. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг жүргүзүү мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу түрдө чогултуу, талдоо жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоо, ошондой эле түзөтүүлөрдү киргизүү куралы болуп саналат.
Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Ошону менен бирге Программанын сегиз жылдык горизонту (2026-2034-жж.) тышкы чөйрөнүн жана ички шарттардын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн жана ийкемдүүлүктү талап кылат. Программада өнүгүүнүн жалпы багытын жоготпостон, зарылдыкка жараша максаттарга, индикаторлорго жана иш-чараларга түзөтүү киргизүүгө мүмкүндүк берген адаптивдүү башкаруу механизмдери камтылган.
Кыргыз Республикасында футболду колдоо жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы ишти жакшыртуу боюнча зарыл болгон түзөтүүлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин жетишилген натыйжаларга баалоо жүргүзүлөт.
Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны башкаруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоого багытталган.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан КФБ менен биргеликте жүргүзүлөт.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Программанын Иш-чаралар планынын аткарылышына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү;
- жетишилген натыйжаларды мониторинг жүргүзүү жана баалоо матрицасынын индикаторлору менен салыштыруу;
- иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо;
- ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү жана стратегиялык максаттарга жетүү боюнча сунуштарды даярдоо.
Мониторинг жүргүзүү системалуулук, ишенимдүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделет.
Мониторинг жүргүзүү матрицасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өзгөчө учурларда гана жол берилет жана индикаторлордун актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
Матрицаны түзөтүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарынын жана милдеттеринин өзгөрүшү;
- олуттуу тышкы факторлор (FIFA/AФК эл аралык талаптары, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, өзгөчө кырдаалдар);
- техникалык зарылчылык (ченөө бирдиктерин тактоо, эсептөө методикасы, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу);
- көрсөткүчкө жетүү мүмкүн эместиги же мөөнөтүнөн мурда жетишүү, бул максаттуу багыттарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар жооптуу аткаруучулар тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жөнөтүлөт.
Этаптарда ыңгайлаштырылган башкаруу: Программа шарттуу этаптарга бөлүнгөн (мисалы; 2025-2027, 2028-2030, 2031-2034). Ар бир этап аяктагандан кийин аралык баалоонун негизинде кийинки этапты кайра пландоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул Программаны ишке ашыруунун орто ченинде жүргүзүлүүчү аралык сереп же прогресске баа берүү болуп саналат: - жетишилген прогрессти жана актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен кийинки мезгилге артыкчылыктар такталат. Мындай механизм Программанын жүрүшүндө "үйрөнүшүнө" жана натыйжалуу болушуна кепилдик берет.
Жалпы максаттардын алкагында ийкемдүүлүк: ыңгайлашуу стратегиялык багыттардан баш тартууну билдирбесин баса белгилөө маанилүү. 2034-жылга карата көрүнүш өзүнүн максаттарына жана милдеттерине туруктуу, бирок аларга жетүү жолдоруна түзөтүү киргизилиши мүмкүн. Мисалы, эгерде кандайдыр бир инфраструктуранын долбоору создуктурулуп кетсе, муктаждыктарды канааттандыруунун альтернативдүү жолдору иштелип чыгышы мүмкүн (жаңы манеж куруунун ордуна - жеке спорттук комплекс менен келишим түзүү ж.б.). Эгерде тажрыйба көрсөткөндөй, кээ бир индикаторлор маалымат бербесе же жетүүгө мүмкүн болбосо, алар маселенин маңызын сактоо менен туура көрсөткүчтөргө алмаштырылышы мүмкүн.