Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
7-сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 94
Чоң-Алыш айыл аймагынын расымдык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл аймагынын расымдык иш-чараларды өткөрүү боюнча талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелери бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Алыш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
|
| Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы №94 токтому менен бекитилген |
Чоң-Алыш айыл аймагынын
расымдык иш-чараларды өткөрүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна ылайык иштелип чыкты жана Чоң-Алыш айыл аймагында расымдык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бейиттерди күтүү боюнча иштерди уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Көрүстөндөрдү күтүүгө жана эксплуатациялоого, сөөктөрдү көмүүнү жана кайра көмүүнү уюштурууга, ошондой эле сөөк көмүү багытындагы объектилерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилген санитардык ченемдер жана эрежелер менен аныкталат.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
сөөк көмүү (сөөк коюу) - өлгөндүн сөөгүн жерге берүү (бейитке, көргө) же отко өрттөө (кремация) сөөктүн күлү бар кутуну көргө көмүү менен, санитардык, жаратылышты коргоочу, шаар куруу же башка эрежелерге жана ченемдерге каршы келбеген каада-салттар менен каза болгондун диний ишенимине, каалоосуна ылайык көргө коюу боюнча ырым-жырым иш-аракеттери;
бейит – каза болгонду же анын сөөгүн көмүүчү жай;
көрүстөн – каза болгонду же алардын сөөгүн көмүү үчүн атайын бөлүнгөн аймак;
көрүстөндүн администрациясы (Чат-Базар жана Кара-Суу айылдардын айыл башчылары жана айыл өкмөтүнүн буйрук менен бекитилген кызматкери) – көрүстөндү күтүү жана эксплуатациялоо боюнча уюштуруучулук-тескөөчү жана административдик-чарбалык иштерди аткарган жеке жеюридикалык жак;
өлгөндүгү анык деп каттаган органдар (айыл өкмөтү) – жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашырган аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары.
II. Көмүүгө жай бөлүү тартиби
4. Чоң-Алыш айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүстөн жайгашкан жана ага арналган жалпы пайдалануудагы жерлерден айыл аймагынын каза болгон ар бир тургунуна же аталган айыл аймагында каза болгон туруктуу жашаган жери жок адамга көмүү үчүн алты чарчы метрден ашпаган жер участогу бекер бөлүнүп берилет.
5. Көрүстөндүн аймагы бейиттердин катарына бөлүнгөн жана бейиттердин участокторуна өтүүчү жолдор менен жабдылган участоктордон турат.
III. Өлгөндөрдү көмүү тартиби
6. Өлгөндөрдү көмүү санитардык ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген каада-салттарга ылайык жүргүзүлөт.
7. Көрүстөндүн администрациясы жүргүзгөн төмөнкү маалыматтарды камтыган китепке ар бир көмүү катталат:
- сөөк коюунун жылы, айы, күнү;
- көрүстөндүн номуру;
- өлгөндүн фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
- туулган жана өлгөн күнү;
- өлүмдүн себеби;
- өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номуру, датасы жана ким тарабынан берилгендеги;
- өлгөн адамдын жакын туугандарынын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), дареги, туугандары жок болсо, көмгөн адамдын дареги же көмгөн уюмдун аталышы жана дареги.
8. Жакын туугандарынын өлгөндү (сөөктү) мурда каза болгон жакын тууганынын жанына көмүү каалоосу боюнча аталган мурда каза болгон жакын тууганыны көмүлгөн жерде бош жер участогу же бейит бар болгон учурда камсыз кылынат.
9. Табылган сөөктөрдүн туугандары же сөөк коюуну уюштурууну өз мойнуна ала турган адамдар жана мекемелер жок болгон учурда көмүү бюджеттик каражаттардын эсебинен өлгөндүгү анык деп катталгандан кийин Чоң-Алыш айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10. Эксгумация Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдук кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
11. Өзгөчө эпидемиялык кырдаалдар мезгилинде расымдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
IV. Бейиттерди долбоорлоо жана жайгаштыруу
12. Бейиттердин участокторунун ортосундагы аралык узун жагы боюнча 1 метрден кем эмес, ал эми кыска жагы – 0,5 метрден кем эмес аралыкты түзөт;
бейиттин тереңдиги кыртыштын мүнөзүнө жана жер астындагы суулардын деңгээлине жараша белгиленет жана жер бетинен табыттын капкагына чейин (бар болсо) 1,5 метрден кем эмес аралыкты түзөт. Бардык учурларда бейит үчүн белги жер астындагы суулардын деңгээлинен 0,5 метр бийиктикти түзөт;
өзгөчө кооптуу инфекциялардан өлгөндөр үчүн бейиттин тереңдиги 2 метрлик деңгээлде белгиленет, бул учурда түбүнө хлордуу акиташ 10 сантиметрден кем эмес катмарда жайгаштырылат;
ар бир бейитте жердин үстүнөн 0,5 метр бийик дөбө (мындан ары – бейит үстүндөгү дөбөчө) болот. Бейит үстүндөгү дөбөчө бейитти атмосфералык суулардан коргоо үчүн анын четтеринен чыгып турат.
V. Сөөк көмүлгөн жайларды абаттоо жана аларды күтүү
13. Көмүүгө бөлүнгөн участоктун чегине төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- бейит үстүнө эстеликтерди жана табигый таштан же бетондон курулмаларды, гүлзарларды жана отургучтарды орнотууга;
- бейитке гүлдөрдү, декоративдик бадалдан жашыл тосмону кийин кесип туруу менен отургузууга.
14. Бейиттерди андан ары тиешелүү тартипте күтүүнү жакын тууганы камсыздайт.
15. Эстеликтерди жана курулмаларды алмаштырууга, сөөк коюлган участоктун чегинен тышкары үстөлдөрдү, отургучтарды жана курулмаларды орнотууга жол берилет.
VI. Корутунду жобо
16. Ушул Эрежелер, Эрежелерге өзгөртүүлөр, толуктоолор Чоң-Алыш айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Т. Бейшеналиев |