Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
7-сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 95
Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө
Чоң-Алыш айыл аймагындагы ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагындагы ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом Мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Алыш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
|
| Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-июнунун № 95 токтому менен бекитилди |
Ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы
участкаларды күтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык иштелип чыкты жана ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү - ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участокторду, алардын айрым элементтерин тиешелүү техникалык, физикалык, эстетикалык абалда кармоо;
жеке турак үй- жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо үчүн пайдаланылуучу белгилүү бир жеке турак имараты;
көп батирлүү үй- эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак жай имараты;
үй жанындагы жер участогу (көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогу)- бак-дарактарды, короо ичиндеги ирригациялык тарамды (магистралдык жана суу берүүчү каналдарды кошпогондо) жана тышкы жарыктандырууну, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды кошуп алганда үйгө жанаша жаткан аймакты өзүнө камтыган участок жана чек аралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган башка участоктор;
ирригациялык тармактар - жерди сугарууга, суунун нугун бурууга же агызууга арналган жасалма суу курулмалары.
II. Ирригациялык тармактарды, үй жана көп батирлүү
үйлөрдүн жанындагы жер участкаларын күтүү
3. Ирригациялык тармактарды, үй жана көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участокторун күтүү боюнча иштерди уюштуруу көп батирлүү үйлөрдүн батирлеринин менчик ээлери же көп батирлүү үйлөрдү келишим боюнча башкаруучу/эксплуатациялоочу жактар тарабынан жүргүзүлөт.
4. Жеке автотранспортторду көп батирлүү үйлөрдүн жанындагы жер участокторунда, ошондой эле квартал ичиндеги аймактарда бир катар кылып коюуга жол берилет жана тазалоочу жана атайын техниканын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылууга тийиш. Жүк ташуучу автотранспортту, анын ичинде жеке унааларды гараждарга, унаа токтотуучу жайларга же автобазаларга гана коюуга уруксат берилет.
5. Көп батирлүү үйлөрдүн жанындагы жер участокторунда автотранспорт каражаттарын токтотуучу жайларды уюштурууда тигилген бак-дарактарды, тосуучу конструкцияларды, чакан архитектуралык формаларды бузууга жана (же) зыян келтирүүгө тыюу салынат.
6. Үйдүн жанындагы участоктогу унаа токтотуучу жайлар жана автотранспорттор:
1) балдар жана спорт аянтчаларына, эс алуу жайларына, көкмайсандарга, үйлөрдүн аркаларына, ошондой эле көп батирлүү үйдүн сырткы дубалынан 5 метрден жакын жайгаштырылбашы керек;
2) жөө адамдардын кыймылына, автотранспорттун жана атайын унаалардын (өрт өчүрүүчү, тез жардам, кырсыктан куткаруучу, тазалоочу) жүрүшүнө тоскоолдук жаратпаш керек.
7. Көп батирлүү үйлөрдүн батирлеринин менчик ээлери же көп батирлүү үйлөрдө келишим боюнча жашаган жактар сутканын караңгы мезгилинде көп батирлүү үйлөрдүн фасаддарын, кире бериштерин, имараттарын жана даректик тактачаларын (көчөнүн аталышынын, үйдүн, кирмелердин, батирлердин номурунун көрсөткүчү) тышкы жарыктандыруу менен камсыздайт.
8. Үй чырактары жана көп батирлүү үйлөрдүн кире беришиндеги шамчырактар Чоң-Алыш айыл аймагынын тышкы жарыктандыруу объектилери менен бир убакта жандырылат жана өчүрүлөт.
9. Көп батирлүү үйлөрдүн кире беришине урналар орнотулушу керек.
10. Үйдүн жанындагы участоктордогу жанжолдор, арыктар кардан, таштанды калдыктардан жана муздан жанжолдун туурасы толугу менен жабууга чейин тазаланат. Муз (кара тоңголок) пайда болгон учурда жанжолдорго кум себилет.
11. Үйдүн жанындагы участоктордон тазаланган таштандыларды жашоочулардын ден-соолуктарына зыян келтирилбеген, жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылбаган жерлерге капка салып, озун байлап үйүүгө уруксат берилет.
Карды жана таштанды калдыктарды чогултууда тигилген бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол берилбейт. Үйдө, үйдүн жанындагы участоктордо эриген кардын суусунун агып чыгышы каралышы керек. Үйдүн жанындагы участоктордон карды жана таштанды калдыктарды көчө-жол тарамдарынын объектилерине үйүүгө жол берилбейт.
12. Көп батирлүү үйлөрдүн чатырынын жөө адамдар жүрүүчү зоналарга караган каптал жактарын кардан, муздан тазалоо алардын пайда болушуна жараша кооптуу участоктордун тосмосун алдын ала орнотуу менен кечиктирилбей жүргүзүлүүгө тийиш жана күндүзгү убакта гана жол берилет. Жөө адамдар жүрүүчү зоналарга карабаган чатырдын капталдарынан, ошондой эле жалпак чатырлардан кар түшүрүү короо жактан жүргүзүлүүгө тийиш. Карды түшүрүүнүн алдынан адамдардын өтүү коопсуздугун камсыз кылган кооптуу участоктордун тосмосун орнотуу зарыл.
Чатырдан кар түшүрүүдө бак-дарактардын, бадалдардын, аба электр чубалгыларынын, байланыш чубалгыларынын толук коопсуздугун камсыз кылуу чаралары көрүлүшү керек.
13. Жай мезгилинде үйдүн жанындагы участоктор, анын ичинде короо ичиндеги жолдор жана жанжолдор чаңдан жана таштандыдан тазаланышы керек. Үйдүн, үйдүн жанындагы участоктун тазалыгы күнү бою сакталышы керек.
14. Бөлүнгөн жана ага чектеш аймактагы ирригациялык тармактар тазаланышы керек. Ирригациялык тармактарды, жаан суусунун канализациясын, үйдүн чатырындагы жана дубалдарындагы жаандын суусу агуучу тутумдарды, дренаждык арыктарды толтурууга жана булгоого тыюу салынат.
15. Көп батирлүү үйдүн сырткы фасаддарын, ички подъездерин, айланасын таза жана иреттүү кармоого, оңдоп-түзөө жана сырдоо иштерин жүргүзүүгө.
III. Жеке курулуштагы ирригациялык тармактарды,
үй жана үйдүн жанындагы жер участкаларын күтүү
16. Жеке курулуш аймактарындагы турак үйлөрдүн менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) аймакты үзгүлтүксүз тазалап турууга, таза жана иреттүү кармоого;
б) турак үйдүн фасаддарын, короодогу курулуштарды, тосмолорду таза жана иреттүү кармоого, өз убагында аларды оңдоп-түзөө жана сырдоо иштерин жүргүзүүгө;
в) короо сыртындагы чөбүн чаап турууга;
г) күндүн караңгы мезгилинде жарыктандыруучу чырактарды жандырууга (бар болсо);
д) бөлүнгөн жана жанаша аймактагы ирригациялык тармактарды тазалоого;
е) адистештирилген уюм менен КТКны ташып чыгарууга келишим түзүүгө, контейнердик аянтчаларга орнотулган контейнерлерге КТКны чогултууга;
ё) саркынды жана фекалдык суулардын кошулуп кетишине (аралашуусуна) жол бербөө үчүн жаан сууларын жабдуу жана күтүү;
ж) турак үйдө номурдук белги болушу керек жана аны тыкан абалда кармоого;
з) жанаша аймактан тазаланган карды жеке курулуштун аймагындагы квартал ичиндеги жолдор жана турак үйлөрдүн кире бериштери боюнча транспорттун өтүшүн, инженердик коммуникацияларга жана алардагы курулмаларга жетүүнү, жөө адамдардын өтүшүн жана тигилген бак-дарактардын коопсуздугун камсыз кылуу менен чогултууга;
и) жанаша аймакка отун, көң, кый, топурак, кум жана башка материалдарды түшүрүүдө жеткирилген материалдарды жеткирилген күндөн тартып 2 жуманын аралыгында жанаша аймактан алууга.
к) жанаша аймакта ар кандай транспорт техникаларын жол боюна токтотуп коюуга жол берилбейт.
17. Жеке үй ээликтеринин аймагында катуу тиричилик калдыктарын жана ири көлөмдөгү таштандыларды баштыктарда, каптарда же контейнерлерде ушул максатта атайын жабдылган жайларда убактылуу сактоого жол берилет.
18. Үйлөрдүн менчик ээлеринин, кожоюндарынын, пайдалануучуларынын ортосундагы келишимдин негизинде ири көлөмдөгү таштандыларды, катуу тиричилик жана башка калдыктарды жамааттык чогултууну жана ташып чыгарууну камсыз кылуу максатында калдыктарды жана таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлерди жайгаштыруу үчүн жалпы контейнердик аянтчалар жабдылышы мүмкүн.
19. Жеке үй ээликтеринин жер участокторунун тосмолорунда көзгө көрүнгөн бузулуулар, булгануулар, жазуулар, мыйзамсыз көрүнөө маалыматтар болбошу керек. Жер участокторунун менчик ээлери, пайдалануучулары же ижарачылары тосмолорду өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөөгө жана калыбына келтирүүгө милдеттүү.
20. Жеке курулуш аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) таштандыларды башкаруу схемасында каралбаган жерлерге чыгарууга;
б) ирригациялык тармактарды, жаан суусунун канализациясын, үйдүн чатырындагы жана дубалдарындагы жаандын суусу агуучу тутумдарды, дренаждык арыктарды толтурууга жана булгоого;
в) турак үйдүн менчик ээсине бөлүнгөн аймактан тышкаркы жерлерди өз алдынча жеке чарбалык жана башка муктаждыктар, анын ичинде таштандыларды, күйүүчү материалдарды, жер семирткичтерди топтоо, курулуштарды, улап салынган курулуштарды, гараждарды, жертөлөлөрдү куруу үчүн пайдаланууга;
г) жалпы пайдалануудагы аймактарга жана автомобиль жолдоруна жөө адамдардын, автотранспорттун, анын ичинде тез жардам, өрт өчүрүү, кырсыктан куткаруу кызматтарынын унааларын, таштандыларды ташып чыгаруу боюнча адистештирилген техниканын кыймылына тоскоол болгон объектилерди (шлагбаумдарды, ылдамдыкты азайтуучу тосмолорду кошкондо) өз алдынча орнотууга;
д) квартал ичиндеги жеке курулуш аймагындагы жолдорго атайын транспорттун жана тазалоочу техниканын жетишин кыйындаткан же тоскоол болгон тосмолорду орнотууга;
е) көлмөлөрдү, суу кудуктарын булгоого, суу чорголорун пайдалануу эрежелерин бузууга;
ё) кошуна аймактарды суу каптоого жол бербөө үчүн жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жана жанаша аймактагы аянттарды кайра толтуруу аркылуу рельефтин деңгээлин өзгөртүүгө;
ж) бөлүнгөн аймактын чегинен тышкары тосмо орнотууга;
з) бөлүнгөн жана жанаша аймактарда жалбырактарды, калдыктардын түрлөрүн өрттөөгө;
и) бөлүнгөн аймактан тышкары транспорт каражаттарын жууга.
IV. Корутунду жобо
20. Ушул Жобо, Жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Чоң-Алыш айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Т. Бейшеналиев |