Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2026-жылдын 10-февралы № 130

 “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү техникаларды Суу-Башы айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө

 

“Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 15-декабрындагы №19-2-3/560 сандуу чыгыш катынынжанаСуу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын   9-февралындагы №49а сандуу чыгыш каттарынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү техникаларды Суу-Башы айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берилсин.

2.    Токтомдун негизинде тиешелүү  иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.

  1.  Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

К.Шакиров