Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 119
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө
Өлкөнүн экономикалык потенциалын, калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатуу, экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле финансылык, фискалдык, инфраструктуралык, административдик жана башка инструменттер аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 4-бөлүгүн, 28-беренесинин 2-бөлүгүн, 30-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Комиссия тарабынан тандоодон өткөн улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегин аларды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдарды бекитүү менен түзсүн жана тиешелүү реестрди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик маанидеги долбоор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун жеке курамын бекитсин;
3) тандоонун жыйынтыгы боюнча квартал сайын долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишкердик иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |