Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1998-жылдын 23-ноябры № 761
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек" ЭЭАгында экспортту өнүктүрүү жөнүндө
"Бишкек" эркин экономика аймагында экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек" эркин экономика аймагынын башкы дирекциясы:
- 1999-жылдан баштап, товардык өндүрүштүн жалпы көлөмүндө продукциянын 70 пайыздан кем эмес бөлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары экспорттолушун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- экспорт өндүрүшүн өнүктүрүүнү жөнгө салуучу жана республиканын аймагынан тышкары экспорттоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагына бардык өндүрүлгөн товарларды ташып кирүүнүн көлөмүн белгилөөчү өзгөчө тартипти бир айлык мөөнөттө даярдасын жана бекитсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы У.Т.Исаевге жүктөлсүн.
|