Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) иш тартибин, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду берүү, кароо, макулдашуу, баалоо жана улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине (мындан ары – Тизмек) киргизүү тартибин аныктайт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниси бар долбоорлорду тандоо, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо чараларын аныктоо максатында өз ишин жүргүзөт.
3. Ушул Регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик преференциялар – салык жана бажы жеңилдиктери, айрым төлөмдөрдөн бошотууну, мамлекеттик фонддордон каржылоону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган преференцияларды кошо алганда, улуттук жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көрсөтүлүүчү колдоо чаралары. Преференциялар арыз ээси тарабынан белгиленген милдеттенмелер сакталган учурда берилет жана алар натыйжасыз пайдаланылган учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылууга тийиш. Тизмекке киргизилген долбоорлор үчүн жер тилкелерине укук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде берилет;
арыз ээси – долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кредиттик жана финансылык ресурстарды жана мамлекеттик колдоону алууга кызыкдар ишкердик субъекттери, уюмдар, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
жооптуу куратор – улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоордун ишке ашырылышын коштоону жана координациялоону жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
жеңилдетилген салык салуу – улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдарга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктардан бошотууну берүү жана/же салыктардын ставкаларын өзгөртүү;
улуттук инвестициялык долбоорлор – өлкө үчүн маанилүү стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар төмөнкү багыттарды камтыйт: экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
уюм – менчигинде, чарбалык карамагында же ыкчам башкаруусунда обочолонгон мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча бул мүлк менен жооп берген, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди сатып ала жана жүзөгө ашыра алган жана сотто доогер жана жоопкер боло алган юридикалык жак же жеке ишкер;
долбоор – заманбап технологияларды колдонуу жана жергиликтүү эмгек жана башка ресурстардын катышуусу менен өндүрүштү түзүү, кеңейтүү же модернизациялоо боюнча иш-аракеттерди кошо алганда, уникалдуу продуктуну, кызмат көрсөтүүнү же натыйжаны түзүүгө багытталган капиталдык салымдарды жана (же) башка инвестицияларды жүзөгө ашырууну караган убактылуу, максаттуу багытталган иш-чара;
мамлекеттик маанидеги долбоорлор – мамлекеттик башкаруу, экономика, туризм жана социалдык чөйрө тармагындагы стратегиялык инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана (же) өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, эл аралык спорттук, маданий, туристтик жана башка коомдук мааниге ээ иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, тартылган каражаттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик активдер салым катары пайдаланылган долбоорлор болуп саналат;
долбоорду коштоо – долбоорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары бар Кыргыз Республикасынын экономикалык болжолдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
Ушул Регламентте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Регламентте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Регламентте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында аныкталган мааниде чечмеленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Комиссиянын иш тартиби, кароо жана чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу
4. Комиссия өз ишин ушул Регламентке ылайык жүзөгө ашырат.
5. Комиссиянын негизги максаты – Тизмекке аларды киргизүү үчүн келечектүү улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо.
6. Комиссиянын милдети өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында мамлекеттик преференцияларды берүүнү кошо алганда, мамлекеттик колдоо чараларын, анын ичинде салык жеңилдиктеринин түрлөрүн жана ставкаларын аныктоо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду натыйжалуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, арыз ээлеринин мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунан жана финансы-кредиттик уюмдардан кредиттик жана башка финансылык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
7. Комиссиянын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
8. Комиссиянын жыйыны укук ченемдүү болуп саналат, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса жана компетенциясы каралып жаткан маселелерге тиешелүү болгон Комиссиянын мүчөсү милдеттүү түрдө катышса.
9. Комиссиянын чечими жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер менен жок болгон учурда жыйынга катышкан анын ишенимдүү адамы ишеним кат боюнча анын атынан жыйындын протоколуна кол коюуга укуктуу.
Каралып жаткан долбоорго карата жеке же мүлктүк кызыкчылыгы бар Комиссиянын мүчөсү бул жөнүндө талкуу башталганга чейин билдирүүгө жана мындай долбоор боюнча добуш берүүгө катышуудан карманууга милдеттүү. Аталган талапты бузуу Комиссиянын тиешелүү чечимин кайра кароо үчүн негиз болуп саналат.
Каралып жаткан долбоордун демилгечилери болгон же ушул долбоорду ишке ашыруу же илгерилетүү компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын атынан чыккан Комиссиянын мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө билдирүүгө жана тиешелүү маселе боюнча добуш берүүгө катышуудан карманууга милдеттүү. Мындай долбоорлор боюнча чечимдер Комиссиянын калган катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн чечими менен тиешелүү багыттар боюнча Комиссияга караштуу эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, инвестициялык жана финансылык институттардан өз ишин уюштуруу үчүн ишке зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
3) сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баа берүү үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
4) арыз ээлерине мамлекеттик өнүктүрүү фонддору жана финансы-кредиттик уюмдар аркылуу кредиттик жана финансылык ресурстарды бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө.
11. Комиссиянын мүчөлөрү киргизилип жаткан долбоорлордун тиешелүү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына ылайыктуулугун текшерүүнү кошо алганда, өздөрүнүн компетенциясына кирген багыттар жана тармактар боюнча долбоорлорду кароо жана баалоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп зарылдыгына жараша өткөрүлгөн жыйындар саналат.
13. Комиссия берилген материалдарды карайт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) долбоорду Тизмекке киргизүү жөнүндө;
2) себептерин көрсөтүү менен киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө.
14. Зарыл болгон учурда Комиссиянын чечимдери сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сурамжылоо жолу жеке катышып, талкуулоону талап кылбаган маселелер боюнча чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатында колдонулат.
Сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алуу жол-жобосу зарыл материалдары менен чечимдин долбоорун Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүүнү камтыйт.
Сурамжылоо жолу менен кабыл алынган чечим протокол менен таризделет.
Пикир келишпестиктер келип чыккан же чечимди кабыл алуу үчүн добуштардын саны жетишсиз болгон учурда маселе Комиссиянын жеке катышуудагы жыйынына чыгарылат.
15. Тандалган долбоорлор боюнча Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйынынын протоколу менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) долбоордун статусу;
2) мамлекеттик преференциялардын түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктардын ставкалары жана (же) салыктардын түрлөрү боюнча бошотуулар, ошондой эле мамлекеттик преференцияларды берүүнүн мөөнөттөрү;
3) жооптуу куратор;
4) долбоорлорду ишке ашыруучу компетенциянын чегинде уюмдарды координациялоо жана коштоо боюнча жооптуу куратордун милдеттенмелери.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Долбоорду Тизмекке киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечими арыз ээси тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Комиссия долбоорду Тизмекке киргизүүдөн баш тарткан учурда арыз ээси баш тартуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин долбоорду кайра берүүгө укуктуу.
17. Комиссия тарабынан жактырылган улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү Тизмекке кварталына бир жолу киргизилүүгө тийиш.
18. Комиссия тарабынан жактырылган улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор Комиссиянын жыйынынын тиешелүү протоколуна кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана аны белгиленген тартипте демилгелейт.
20. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Комиссиянын катчылыгы жүзөгө ашырат.
21. Комиссиянын катчылыгы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ушул Регламенттин 30-пунктунда каралган зарыл документтердин тизмеги менен арыздарды кабыл алууну, аларды мөөнөтүндө каттоону;
2) арыздарды эсепке алууну жана сактоону, Комиссиянын чечимдерин жана долбоорлорду ишке ашыруунун статусун кошо алганда, долбоорлордун кароонун реестрин жана маалыматтар базасын түзүүнү;
3) ушул Регламентке ылайык берилген документтердин толук болушун кароону жана аларды Комиссиянын кароосуна киргизүүнү;
4) мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусунун белгилери аныкталган учурда Комиссиянын төрагасына маалымдоо менен колдо болгон маалыматтардын жана ачык маалыматтардын негизинде Комиссиянын мүчөлөрү менен арыз ээлеринин ортосунда мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын ала текшерүүнү.
22. Материалдар (долбоорлор), жыйындын күн тартиби, жыйынды өткөрүү датасы жана башка маалымат катчылык тарабынан жыйын башталганга чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
23. Эгерде Комиссиянын тандоосунун натыйжалары жарыялангандан кийин анык эмес маалыматты берүүнүн документ түрүндө ырасталган фактылары белгилүү болсо, Комиссия тиешелүү долбоорго карата тандоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
24. Комиссиянын катчылыгы арыз ээсине долбоорду Тизмектен чыгаруу тууралуу кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.
3-глава. Долбоорлорду тандоо критерийлери
25. Улуттук инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктарына, анын ичинде ушул Регламенттин 3-пунктунда көрсөтүлгөн экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго ылайык келүү;
2) энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган ресурс үнөмдөөчү жана экологиялык технологияларды пайдалануу, мындай мүмкүнчүлүктөр болсо;
3) региондук багыттуулук – долбоордун наркы төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
– Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында – 1 млрд сомдон кем эмес;
– Нарын, Талас облустарында – 500 млн сомдон кем эмес;
– Баткен облусунда – 200 млн сомдон кем эмес.
Мында арыз ээсинин долбоорго өз салымы долбоордун жалпы наркынын 35 пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш;
4) милдеттенмелерди аткаруу ыкмалары (күрөөнүн болушу);
5) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жетишилген оң натыйжанын узактыгын эсепке алуу;
6) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу, долбоордун кирешелүүлүгүн камсыз кылуу;
7) экономикага оң таасири, ошондой эле эмгек ресурстарынын тартылышы, долбоорду ишке ашыруу процессинде тартылуучу жергиликтүү ишкерлер менен пландалган контракттар, экспорттук потенциалды өстүрүү жагынан алганда ишке ашырылып жаткан долбоордун региондун экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири;
8) долбоордо инновациялык мамилени эске алуу жана жаңы технологияларды колдонуу;
9) арыз ээсинин социалдык жоопкерчилигин, анын ичинде анын жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө кошкон салымын эсепке алуу;
10) долбоордо ал жайгашкан аймактагы инфраструктураны жакшыртуу каралууга тийиш, анын ичинде, бирок коммуналдык, инженердик тармактарды, автомобиль жолдорун жана башка зарыл объекттерди өнүктүрүү менен гана чектелип калбастан.
26. Мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо критерийлери:
1) төмөнкүлөргө багытталууга тийиш болгон долбоорлордун артыкчылыктуулугу:
- мамлекеттик жана (же) муниципалдык маанидеги чөйрө үчүн инфраструктуралык объекттерди куруу;
- экономиканы өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, энергетика, дин, спорт, туризм жана социалдык инфраструктура объекттерин бекемдөө жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу мамлекеттик маанидеги эл аралык спорттук, маданий жана башка коомдук маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
2) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу;
3) долбоорго мамлекеттик салым төмөнкүдөй жолдор менен берилет:
– каражаттарды мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай бөлүп берүү;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте мамлекет тарабынан инвесторго активдерди (жер тилкелерин жана өнөр жай объекттерин) салым катары берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер тилкелерин менчикке, пайдаланууга же болбосо мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүү;
4) долбоор мамлекеттин экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Экологиялык таза технологияларды киргизүүнү, калдыктарды кайра иштетүүнү, чыгарууларды кыскартууну, энергия натыйжалуулугун жогорулатууну, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну же болбосо «жашыл» экономиканын максаттарына жетүүгө багытталган башка чечимдерди караган долбоорлор Комиссия тарабынан артыкчылыктуу тартипте каралат.
Аталган долбоорлор үчүн төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр белгиленет:
1) жашыл технологиялар чөйрөсүнө кирген долбоорлор Комиссиянын кароосуна юридикалык жакты каттоо мөөнөтүнө карабастан, финансылык абалы ырасталган жана өздүк каражаттары болгон шартта кабыл алынат;
2) эгерде берилген документтердин пакети толук болсо жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуучу органдар тарабынан документтерди кароо мөөнөтү он жумуш күнгө чейин кыскартылат;
3) макулдашуучу мамлекеттик органдардын оң корутундулары болсо, мындай долбоорлор Тизмекке биринчи кезектеги тартипте киргизилүүгө тийиш;
4) жашыл долбоорлор кеңейтилген мамлекеттик преференцияларды, анын ичинде салык жеңилдиктерин, айрым төлөмдөрдөн бошотууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка стимулдарды ала алат.
Долбоорду жашыл технологиялар категориясына киргизүү арыз ээсинин экологиялык багыттуулугун жана туруктуу өнүктүрүү принциптерине шайкештигин ырастоочу материалдарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
28. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө стратегиялык таасирин тийгизүүчү, мамлекеттик жана (же) муниципалдык башкаруунун инфраструктурасын курууга жана модернизациялоого, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык ишке ашырылуучу, мамлекеттик маанидеги эл аралык спорттук, маданий жана башка коомдук маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан, ошондой эле республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун жана өлкө жетекчилигинин башка мамлекеттик максаттуу фонддорунун каражаттарынын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай каржылануучу жана (же) мамлекеттик салымды пайдалануу менен ишке ашырылуучу долбоорлор ушул Регламентте белгиленген мамлекеттик маанидеги долбоорлордун критерийлерине ылайык келген шартта, ушул Регламенттин 31-пунктунда каралган маалыматтарды камтыган аналитикалык жазууну кошпогондо, ушул Регламенттин 30-пунктунда каралган документтерди бербестен Комиссиянын кароосуна киргизилүүгө тийиш.
Мындай долбоорлорду кароо Комиссия тарабынан долбоорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдын долбоордун сыпаттамасын, параметрлери, каржылоо булактары, ишке ашыруу мөөнөттөрү жана суралган мамлекеттик преференциялар жөнүндө маалыматтарды камтыган арызынын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- долбоордун максаттары, стратегиялык мааниси, негизги параметрлери, каржылоонун көлөмү жана булактары, ишке ашыруу мөөнөттөрү, мамлекеттик салым жана күтүлгөн натыйжалар камтылган толук сыпаттамасы;
- ушул Регламенттин 3-пунктуна жана мыйзамдардын башка ченемдерине ылайык суралган мамлекеттик преференциялар жөнүндө маалыматтар.
Жөнөкөйлөтүлгөн тартип тиешелүү мамлекеттик фонддордон каражаттарды бөлүүнү же болбосо мамлекеттик салымды берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Президентинин акты же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими болсо колдонулат, бул аталган долбоорду ишке ашыруунун мамлекеттик зарылдыгын ырастайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Төмөнкүдөй чөйрөлөрдө ишке ашырылган долбоорлор тандоого каралбайт:
1) оюн-зоок бизнеси, санариптик майнинг;
2) тамеки жана алкоголдук продукция өндүрүшү;
3) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш;
4) интернет-провайдерлердин иши;
5) коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредиттик жана кредиттик мекемелердин иши;
6) айлана-чөйрөгө зыян келтирген же Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген долбоорлор;
7) жер казынасын пайдалануу.
Ушул Регламенттин 25–28-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлердин сакталышын текшерүүнү Комиссиянын катчылыгы арыз ээси тарабынан берилген документтердин негизинде жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Документтерди берүү тартиби
30. Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусун алууга тандоого катышуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет (документтер көктөлүүгө, номерленүүгө жана арыз ээсинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш):
1) уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жактын ээлери (бенефициарларын ачып көрсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар;
3) юридикалык жактын саясий маанилүү жактар менен байланышынын бардыгы (жоктугу) жөнүндө маалымат;
4) арыз ээсинин банкроттук фактын кошо алганда, кандайдыр бир соттук териштирүүлөрдүн жоктугу жөнүндө маалымат;
5) юридикалык жактын салыктык карызынын, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин алдында карызынын жоктугу жөнүндө маалымат;
6) долбоорду ишке ашыруунун болжолдонгон жери жөнүндө маалымат (районду жана/же калктуу конушту көрсөтүү);
7) арыз ээсинин долбоорду ишке ашыруу башталганга чейин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүү (мындан ары – АЧТБ) жүргүзүү жана мүмкүн болгон экологиялык зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси;
8) арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкүдөй мазмундагы аналитикалык кат:
– арыз ээсинин ушул сыяктуу долбоорлорду же башка ири ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы жана бул долбоорлордун учурдагы абалы жөнүндө маалымат;
– долбоордун алкагында киргизиле же колдонула турган технологиялар (анын ичинде инновациялык) жөнүндө маалымат;
– долбоордун максаттарын, ишке ашыруу жерин, мөөнөттөрүн, технологиялардын сыпаттамасын, сатуу рынокторун, эмгек ресурстарына муктаждыкты, наркын, каржылоо булактарын, операциялык планды, өзүн-өзү актоо мөөнөтүн жана рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрүн камтыган долбоордун бизнес-планы (5 жылдан кем эмес мөөнөткө);
– жаңы жумуш орундарынын саны жана кадрларды даярдоо (кайра даярдоо) программалары жөнүндө маалымат;
– долбоордун алкагында кызматкерлерди социалдык колдоо программалары жөнүндө маалымат;
9) арыз ээсинин (инвестордун) инвестициялардын көлөмүн, мөөнөттөрүн жана аларды киргизүү тартибин көрсөтүү менен долбоорду каржылоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
10) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулук;
11) долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөт боюнча долбоордун финансылык-экономикалык модели (анын ичинде акча каражаттарынын кыймылынын болжолу, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет жана негизги финансылык көрсөткүчтөр).
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн АЧТБ натыйжалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш жана Комиссия долбоорду кароодо эске алынат.
Эгерде арыз берилген учурда АЧТБ аяктабаган болсо, арыз ээси анын натыйжаларын Комиссия андан ары эсепке алуусу үчүн даяр болгондугуна жараша берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Салык жеңилдиктерин алууга арыз болгон учурда арыз ээси аналитикалык катка ушул Регламенттин 30-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн төмөнкүдөй маалыматты кошумча киргизүүгө милдеттүү:
1) инвестициялардын көлөмүн, анын ичинде долбоор боюнча ишти жүзөгө ашырууда каражаттардын чыгымдарын;
2) долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон сатып алынуучу жабдуулардын, материалдардын жана товарлардын көлөмүн;
3) сунуш кылынган жеңилдиктерди берүү чечүүгө багытталган проблемаларды милдеттүү түрдө сыпаттоо менен салык жеңилдиктерин берүүнүн максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
4) салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасын баалоону;
5) суралган салык жеңилдиктеринин мөөнөттөрүн.
32. Арыз ээлери берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийлик органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы болуп саналган арыз ээлери үчүн ушул Регламенттин 30-пунктунун 1–5, 10, 11-пунктчаларында белгиленген талаптар колдонулбайт.
33. Эгерде юридикалык жак үч жылдан аз катталса, мамлекеттик маанидеги долбоорлорду кошпогондо, долбоор Комиссия тарабынан төмөнкүлөр бар болсо, каралышы мүмкүн:
1) уюштуруучулардын ишкердик ишиндеги үч жылдан кем эмес ырасталган тажрыйбасы;
2) долбоорду ишке ашыруу үчүн уюштуруучулардын жетиштүү финансылык кудурети;
3) долбоордун наркынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ырасталган өздүк каражаттары (уюштуруучулардын жана/же компаниянын);
4) долбоор боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу (кепилдик, гарантия, күрөө ж.б.);
5) ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучулардын чечими.
5-глава. Документтерди кароо тартиби
34. Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусун алуу үчүн арыз ээси Комиссиянын катчылыгына ушул Регламенттин 30-пунктун сактоо менен кагаз жана/же электрондук сактагычта (анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы) арыз берет.
35. Комиссиянын катчылыгы арызды алган датадан тартып 20 жумуш күндүн ичинде аны тиркелген документтери менен бирге аларды андан ары Комиссиянын кароосу үчүн тандоо критерийлерине шайкештигин изилдейт.
36. Улуттук инвестициялык долбоордун статусун алууга талапкер долбоорлорго карата Комиссиянын катчылыгы материалдарды Комиссиянын кароосуна чыгарганга чейин долбоордун инвестициялык маанилүүлүгүн, анын инвестициялык саясаттын артыкчылыктарына шайкештигин жана улуттук инвестициялык долбоордун статусун ыйгаруунун максатка ылайыктуулугун баалоо бөлүгүндө алдын ала макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин корутундусун алууну камсыз кылат.
37. Долбоорду Тизмекке киргизүү жөнүндө арызды кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) долбоордун ушул Регламентте каралган белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкеш эместиги;
2) ушул Регламенттин 30-пунктунда каралган документтердин толук пакетин бербөө;
3) анык эмес же карама-каршы маалыматтарды берүү;
4) долбоорду каржылоо булактарын ырастоонун жоктугу;
5) өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик органдардын терс корутундулары;
6) Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын бузууга тиешелүү фактылар аныкталганда.
6-глава. Жеңилдетилген салык салуу тартиби
38. Комиссиянын оң чечиминин негизинде жооптуу куратор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга улуттук инвестициялык долбоорлорду же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдарга жеңилдетилген салык салуу жөнүндө кайрылууну төмөнкү документтерди тиркөө менен киргизет:
1) улуттук инвестициялык долбоорлорго жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорго статус ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын оң чечиминин болушу;
2) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдардын тизмеги;
3) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;
4) уюмдун мөөрү жана уюмдун жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн, уюмдун каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (устав, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими);
5) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, жеңилдетилген салык салуунун максатка ылайыктуулугун көрсөтүү менен уюмдун аналитикалык каты.
Ушул пункттун 2-пунктчасы өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар субъекттерге карата колдонулбайт.
39. Ушул Регламенттин 38-пунктунун талаптарын сактоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана аны белгиленген тартипте демилгелейт.
40. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун макулдашуу үчүн төмөнкүлөргө жиберет:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине;
6) башка кызыкдар мамлекеттик органдарга.
41. Улуттук инвестициялык долбоорлорду же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– уюмдун аталышын;
– улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышын;
– жооптуу куратордун аталышын;
– салыктардын ставкаларын жана/же салыктардын түрлөрү боюнча бошотууларды;
– улуттук инвестициялык долбоорлор же мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелерин.
411. Жооптуу куратор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салыктык жеңилдиктердин мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейинки мезгилге узартуу жөнүндө кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
412. Салыктык жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн узартуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 «Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтому менен бекитилген Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибине ылайык жетүү үчүн жеңилдиктер берилген максаттарды жана уюмдар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Мониторинг жүргүзүү жана контроль
42. Жооптуу кураторлор өз компетенциясынын чегинде Тизмекке киргизилген долбоорлорду коштоо жана ишке ашырууну координациялоо функцияларын жүзөгө ашырат, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлордун же мамлекеттик маанидеги долбоорлордун статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу субъекттердин милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
43. Долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдар жооптуу кураторлорго долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, төмөнкүлөрдү камтыган жазуу жүзүндө отчетторду квартал сайын берүүгө милдеттүү:
1) календардык пландын аткарылышы жана финансылык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды;
2) түзүлгөн жумуш орундары, салынган инвестициялар жана объекттин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;
3) мамлекеттик преференцияларды пайдалануу жана алардын долбоордун натыйжалуулугуна тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды;
4) бар болсо – бекитилген параметрлерден четтөөлөрдүн себептерин негиздөөнү.
44. Жооптуу кураторлор квартал сайын катчылыкка жана жыл сайын Комиссияга аларга бекитилип берилген долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды отчет берет, анын ичинде:
1) инвесторлордун милдеттенмелеринин аткарылышына баа берүү;
2) өздөштүрүлгөн инвестициялардын жана жетишилген көрсөткүчтөрдүн көлөмдөрү;
3) ушул Регламенттин 25–28-пункттарында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндө маалыматты;
4) аудиттин, экологиялык жана финансылык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары (бар болсо).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлу № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Комиссиянын катчылыгы жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын кароо боюнча Комиссиянын жыйынын уюштурат.
46. Долбоорду ишке ашыруунун оң натыйжалары болбогон, милдеттенмелерди бузуулар же мамлекеттик преференцияларды максатсыз пайдалануу аныкталган учурда Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) долбоордун статусун колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга;
2) долбоорду Тизмектен чыгарууга.
47. Долбоорду Тизмектен чыгаруу жөнүндө чечим Комиссиянын жыйынынын протоколу менен таризделет жана берилген мамлекеттик преференциялардын жокко чыгарылышына, ошондой эле арыз ээсинин мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга, анын ичинде аларды натыйжасыз пайдалануунун натыйжасында туумдарды жана санкцияларды эске алуу менен салыктар боюнча жеңилдиктер берилген биринчи күндөн тартып салыктарды толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүүлүгүнө алып келет.
8-глава. Корутунду жоболор
48. Ушул Регламентте каралган бардык жол-жоболор мыйзамдуулук, ачыктык, объективдүүлүк жана теңдик принциптеринде жүзөгө ашырылат.