Сравнение редакций…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/02
«2025-жылга бюджетти жана 2026–2027-жылдарга карата болжолдуу планды бекитүү жөнүндө»
Сары-Озон айылдык кеңешинин сессиясы 2025-жылга бюджет долбоорун, пландоо-бюджет комиссиясынын төрагасы Джазымкулов А.Т. жана СЭӨ бөлүмүнүн башчысы Тулинова Г.Д. тарабынан сунушталган маалыматтарды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн 136078,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын каражаттар 11452,3 миң сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитүү.
2. 2025-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүн 136078,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын каражаттар 11452,3 миң сом өлчөмүндө 2-тиркемеге ылайык бекитүү.
3. 2025-жылга бюджеттин киреше бөлүгү киреше булактарынын эсебинен түзүлөт деп аныкталсын.
4. 2026-жылга бюджеттин божомолу 145873,8 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 11452,3 миң сом өлчөмүндө, 2027-жылга бюджеттин божомолу 158219,0 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 11452,3 миң сом өлчөмүндө 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2025-жылы негизги классификация топтору боюнча бюджеттик уюмдардын учурдагы ресурстарын каржылоо үчүн каражаттарды бекитилсин.
6. 2025-жылга бюджеттин чыгашаларын каржылоо чыныгы түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлөт. Ал эми артыкчылыктуу тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык
фондго төгүмдөр, көмүр) жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө багытталат.
7. 2024-жылы жетишсиз каржыланган жергиликтүү бюджеттин айрым чыгаша топтору 2025-жылдагы бюджетте каралган ассигнованиялардын эсебинен жана алардын чегинде компенсациялансын.
8. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысына бюджет жана атайын эсеп боюнча каражаттарды өзгөртүү, толуктоо жана кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
9. 2025-жылы пландан тышкары кирешелер түшкөн учурда алар социалдык-экономикалык планды аткарууга багытталат.
10. Сары-Озон айыл өкмөтүнүн 2025-жылга штаттык түзүмүн 4-тиркемеге ылайык, ал эми субъекттерди каржылоону 5, 6, 7 жана 8-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
11. Жарандык коргонуу үчүн 250,0 миң сом каралсын.
12. Республикалык бюджеттен ыйгарым укуктар боюнча акча каражаттары түшкөн учурда аларды багыттары боюнча пайдаланылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2025-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашуусу (эркин калдыктар) 8-тиркемеге, атайын каражаттар 9-тиркемеге ылайык бекитилип, бөлүштүрүлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/02
2025-жылга бюджетти жана 2026–2027-жылдарга карата болжолдуу планды бекитүү жөнүндө»
(Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 01-7/21 токтомунун редакциясына ылайык)