Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 172
Муниципалдык жерлер үчүн ижаранын баштапкы баасын бекитип берүү
Шопоков шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер үчүн ижаранын баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Муниципалдык жерлер үчүн ижаранын баштапкы баалары бекитилсин:
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Жылдык сумма | ||
1 | коммерциялык жер участоктору: (магазин, аптека, парикмахерская, соода павильондору ж.б.) | ч.м. | 1 | 1500 сом | ||
2 | Жайларды ижарага алуу | ч.м. | 1 | 2500 сом | ||
3 | коммерциялык эмес жер участоктору: жашылдандыруу, жакшыртуу, кирүү (заезд) максатындагы участогу. Гараж салуу максатында | 1-сотка
ч.м. | 1 | 200 сом
20 сом | ||
4 | Билборддор (рекламалык щит) жана антенна мунаралары | ч.м. | 1 | 2000 сом | ||
5 | Өнөр жай багытындагы жерлер
| |||||
| 1-сотка | 1-30 соткага чейин | 1200 сом (1-сотка баасы) | |||
| 1-сотка | 30-60 соткага чейин | 900 сом (1-сотка баасы) | |||
| 1-сотка | 60- соткадан 1 гектарга чейин | 600 сом (1-сотка баасы) | |||
| га | 1 гектардан жогору | 200 000 сом 1-гектар баасы | |||
Эскертме: өнөр-жай багытындагы жерлерди ижарага алып келишим түзүлгөндөн тартып биринчи эки жылдын ижара акысы 50% алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын жер суроолор жана муниципалдык менчик боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |