Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1998-жылдын 29-августу № 575
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын "1999-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын "1999-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Койчуманов Т.Ж. аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында каралып жатканда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары дайындалсын.
Долбоор
МЫЙЗАМ
1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 1998-жылдын "___"______ кабыл алган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 1998-жылдын "____"_________ жактырган
1-статья
Кыргыз Республикасынын 1999-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 6852973,7 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 7695873,7 миң сом суммасында бекитилсин. Кыргыз Республикасынын 1999-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектүү өлчөмү 842900 миң сом суммасында белгиленсин. Кыргыз Республикасынын 1999-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга төмөндөгүлөр багытталсын: - финансылоонун ички булактары - 393050,0 миң сом суммасында; - финансылоонун тышкы булактары - 449850,0 миң сом суммасында; - финансылоонун тышкы жана ички бардык булактары боюнча - 842900,0 миң сом суммасында.
2-статья
Финансылоонун ички жана тышкы булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу республикадагы капиталдык салымдарды финансылоо үчүн каражаттардын төмөндөгүдөй өлчөмдөрүн белгилөө менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн бюджети бекитилсин, анын ичинде: - тышкы булактардан - 3918986,6 миң сом; - республикалык бюджеттен - 390840,3 миң сом.
3-статья
1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү N 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы белгиленсин.
4-статья
Бюджеттик уюмдар жана мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен учурдагы чыгымдарды финансылоого 1999-жылга бекитилген каражаттар N 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. Өнүктүрүү бюджетинен иш чараларга жана программаларга багытталуучу каражаттардын өлчөмү N 3 тиркемеге ылайык аныкталсын. Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарынын жана мекемелеринин чыгымдарын финансылоо боюнча каражаттардын өлчөмү катуу сакталууга жана чыгымдар ордерлеринин системасында белгиленген чектерде иш чараларга жана программаларга жумшала тургандыгы белгиленсин. Бюджеттик каражаттарды чыгымдоо үчүн жооптуу мамлекеттик кызматчылар, ошондой эле өздөрүнө жүзөгө ашырууга полномочие берген чыгымдык ордерлер жок туруп чыгымдар боюнча мындай аракеттерди жүзөгө ашырууга полномочие бергендер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
5-статья
1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарын финансылоо чыныгы алынган кирешелердин, бюджеттин тартыштыгын тышкы жана ички финансылоонун чектеринде, мында биринчи кезектеги тартипте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусуна чегерүүлөр, стипендиялар, медикаменттер, тамактануу, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусуна субвенция, аз камсыз кылынган үй бүлөлөргө пособиелер, пенсиялар, акча довольствиеси), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттемелер боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
6-статья
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын айрым топтору боюнча 1998-жылы кем финансыланган чыгымдар 1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ушул Мыйзамдын 4-статьясында аныкталган каражаттардын эсебинен жана анын чектеринде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин. 1999-финансы жылынан тартып республикалык бюджеттен финансылануучу бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин счетторунда аккумуляцияланган атайын каражаттардын бүт суммасынан 30 проценти республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
7-статья
Бардык деңгээлдеги жергиликтүү Кеңештерге 1999-бюджеттик жылга алардын бюджеттеринде каралган каражаттардын эсебинен жана алардын чектеринде жергиликтүү бюджеттердин айрым топтору боюнча 1998-жылы кем финансыланган чыгымдарды компенсациялоо сунуш кылынсын.
8-статья
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча 1999-жылдын 1-январына жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 30000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
9-статья
1999-жылга областтардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттери үчүн менчиктин бардык формасындагы ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын пайдасынан алынуучу салыктардын, акциздик салыктын, калктан алынуучу киреше салыктын пландык келип түшүүлөрүнөн 35 процент өлчөмүндө чегерүүлөрдүн нормативдери бекитилсин.
10-статья
Ушул мыйзамдын 9-статьясында көрсөтүлгөн салыктардын жана кошумчаланган нарк салыгынын (ташылып келген продукцияга КНСти кошпогондо) келип түшүшүнүн 1999-жылга пландаштырылган контингенти ашыра аткарылган учурда алар областтардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттерине жылдын жыйынтыгы боюнча ашкан сумманын 75 процент нормативи боюнча чегериле тургандыгы белгиленсин.
11-статья
1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жергиликтүү Кеңештерге жөнөтүлө турган саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү категориялык гранттардын төмөндөгүдөй өлчөмдөрү бекитилсин: ----------------------------------------------------------------------- |Ош областы |351788,6 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Жалал-Абад областы |205287,2 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Ысык-Көл областы |95169,9 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Нарын областы |77726,3 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Талас областы |46886,7 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Чүй областы |152665,1 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Бишкек шаары |97251,8 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| | Бардыгы |1026775,6 миң сом | ----------------------------------------------------------------------- Категориялык гранттар биринчи кезектеги тартипте саламаттык сактоо жагынан чыгымдардын артыкчылык берилген багыттарын, орто жана башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү чыгымдардын артыкчылык берилген багыттарын финансылоого, ошонун өзү менен бул секторлор боюнча чыгымдардын минималдык деңгээлин жабууга жумшала тургандыгы белгиленсин.
12-статья
1999-жылга жергиликтүү Кеңештерге кирешелерди теңештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен гранттардын төмөндөгүдөй өлчөмдөрү белгиленсин: ----------------------------------------------------------------------- |Ош областы |144332,8 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Жалал-Абад областы |77996,1 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Ысык-Көл областы |848,5 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Нарын областы |100665,2 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| |Талас областы |39073,5 миң сом | |--------------------------------------|------------------------------| | Бардыгы: |362916,1 миң сом | ----------------------------------------------------------------------- Ушул Мыйзамдын ушул статьясында аныкталган өлчөмдөрдө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген теңештирилүүчү гранттардын суммасы биринчи кезекте социалдык чөйрөдөгү чыгымдарды финансылоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
13-статья
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарын коргоону жана андагы финансылык ресурстарды мобилизациялоонун толуктугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары салыктарды же башка кирешелерди республикалык бюджетке чегерүүнүн белгилеген тартибин Кыргыз Республикасынын айрым аймактары жана Бишкек шаары бузган учурда Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн аймактарында жүзөгө ашырылуучу жалпы мамлекеттик программаларды жана иш чараларды республикалык бюджеттен финансылоону токтотуп коюуга, өз ара эсептешүүлөр, бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча каражаттарды өткөрүп берүүгө, ошондой эле республикалык бюджеттен мыйзамсыз алынган каражаттарды алып коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө уруксат берилсин. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин бир кыйла толук мобилизациялоо боюнча иш чараларды дайыма жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
14-статья
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусуна республикалык бюджеттен субвенциянын өлчөмү 300,0 млн.сом суммасында белгиленсин.
15-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин областтардын жана Бишкек шаарынын бюджеттери менен өз ара эсептешүүлөрүндө тийиштүү органдар кабыл алган нормативдик актылардан келип чыккан тактоолорду, ошондой эле өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнөн, баалардын деңгээлинен, инфляциянын жана республикада болуп өткөн башка процесстердин темптерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укук берилсин. Республикалык бюджет боюнча өз ара эсептешүүлөрдүн өлчөмдөрү кирешелердин жалпы контингентинин 15 процентине чейин чектелсин. Областтык мамлекеттик акимдиктерге жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусуна кирешелердин жалпы контингентинин 15 процентине чейин өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү чектөө сунуш кылынсын. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдери жүргүзүлгөн өз ара эсептешүүлөрдүн көлөмдөрүнө таркатылбай тургандыгы белгиленсин.
16-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча мамлекеттик чыгымдарга алып келе турган же Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше базасын кыскарта турган чечимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жактыргандан кийин гана күчүнө кире тургандыгы белгиленсин.
17-статья
1999-жылы ишканаларга жана уюмдарга ссудалар жана кредиттер алар проценттик төлөөлөрдү жана суммаларды мурда берилген кредиттерди төлөө боюнча милдеттемелерин аткарган шартта гана бериле тургандыгы белгиленсин.
18-статья
Акысыз жана кайтарып берүү негизинде берилген республикалык бюджеттик каражаттарды ишканалардын максатсыз пайдаланышы, кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарып бербөө, ошондой эле аларды пайдалангандык үчүн проценттерди төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү төмөндөгүлөр үчүн негиз болуп санала турганды белгиленсин: бардык формадагы мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү кыскартуу же токтотуу, анын ичинде салыктык төлөөлөрдүн мөөнөтүн узартпоо; Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын колдонулуп жаткан учеттук ставкасынан эки эсе өлчөмдө жазана өндүрүп алуу. 1999-жылы ишканаларга жана уюмдарга берилген республикалык бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бул каражаттарды пайдалангандык үчүн акыны кайтарып берүү бюджетке төлөөлөргө теңештириле тургандыгы жана биринчи кезектеги тартипте жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
19-статья
"1999-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1999-жылдын 1-январынан тартып аракетке киргизилсин.
Долбоор
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү)
|