Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 175
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүү
Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 000 сом акча каражат төмөнкү тургундарга бөлүнсүн:
- Орозбаева Жыпаргул Кожоназаровна Шопоков шаарынын Линейная к.№9 көчөсүнүн тургуну;
- Джолочиева Салкынбюбю Дөлөтбековна Шопоков шаарынын Зеленый ч/к №4 үйүнүн тургуну;
- Худойкулов Фарход Алмахматович Шопоков шаарынын Калинин к.№15 үйүнүн тургуну;
- Рысмендеева Римма Султанбековна Шопоков шаарынын Линейная к №8 үйүнүн тургуну.
2. Шопоков шаарынын мэриясына социалдык келишимдин негизинде, социалдык жардам алууга кошумча бир аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2024-жылдын аягына чейин 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаардык кеңешинин социалдык маселелер жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана токтомдун аткарылышы каржы-экономика секторунун башчысы Ф.Я.Какеновага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |