Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 178
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскийдеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалынын объектин Шопоков шаарынын мэриясынын балансына алууну
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскийдеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалынын объектин Шопоков шаарынын мэриясынын балансына алуу жөнүндө кайрылуусун угуп, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскийдеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалынын объектин Шопоков шаарынын мэриясынын балансына алынсын.
2. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскийдеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалынын объектин Шопоков шаарынын мэриясынын балансына алуу максатында, Шопоков шаардык кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутат түзүлгөн комиссиянын курамында болсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышы мэриянын бөлүм башчысы Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |