Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 29-ноябры № 646
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"2000-жылга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "2000-жылга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары бул Мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы министр Р.К.Акназарова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"2000-жылга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"
1-статья. Ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана аларда иштеген граждандар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносунун тарифтик ставкасы
1. Камсыздандыруу взносунун тарифтери төмөнкүдөй белгиленет: - иш берүүчүлөр - ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын 31 процент өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 25,5 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 2 процент; Иш менен камсыз кылуу фондуна - 1,5 процент; Медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 процент. - иштеп жаткан граждандар үчүн - финансылоонун булагына карабастан кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 7 процент өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 6,5 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 0,5 процент. - иштеген I жана II топтогу майып граждандар үчүн финансылоонун булагына карабастан кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 процент өлчөмүндө. 2. Кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Иш менен камсыз кылуу фондуна толук көлөмүндө кошуп эсептөөлөрдөн жана камсыздандыруу взносун төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат: - I жана II топтогу майыптар; - календарлык жыл ичинде жаңыдан түзүлгөн жумуш ордуна кабыл алынгандар калкты иш менен камсыз кылуу кызматынын органдарынын ырастоосу болгондо.
2-статья. Майыптардын коомдук уюмдары жана/же пенсионерлер жана алардын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносунун тарифтик ставкасы
1. Камсыздандыруу взносунун тарифтери төмөнкүдөй белгиленет: - иш берүүчүлөр - катышуучулары (мүчөлөрү) майыптар жана/же пенсионерлер болгон коомдук уюмдар үчүн иштеп жаткан майыптар менен пенсионерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын 10,5 процент өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 5 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 2 процент; Иш менен камсыз кылуу фондуна - 1,5 процент; Медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 процент. - коомдук уюмдарда иштеп жаткан майыптар жана пенсионерлер үчүн финансылоонун булагына карабастан кызматкердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2,5 процент өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 2 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 0,5 процент. 2. Кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Иш менен камсыз кылуу фондуна кошуп эсептөөлөрдөн жана камсыздандыруу взносун төлөөдөн толук көлөмүндө төмөнкүлөр бошотулат: - I жана II топтогу майыптар; - Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштегендер. 3. Коомдук уюмдардын майып жана пенсионер болуп эсептелбеген кызматкерлерине кошуп эсептөө жана камсыздандыруу взносун төлөө ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
3-статья. Фермер жана дыйкан чарбалары жана алардын мүчөлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносунун тарифтик ставкасы
Камсыздандыруу взносунун тарифтери төмөнкүдөй белгиленет: 1. Фермер жана дыйкан чарбалары үчүн квартал сайын жер салыгынын базалык ставкасынын 1/4 бөлүгүнүн өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 85 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 5 процент; Иш менен камсыз кылуу фондуна - 5 процент; Медициналык камсыздандыруу фондуна - 5 процент. Камсыздандыруу взносунун төгүлгөн суммасы чарбанын эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт жана ар биринин жеке камсыздандыруу эсебине кошулат. 2. Чарбанын жер фондунда үлүшү жок жалданма кызматкерлердин эмгегинен пайдаланган фермер жана дыйкан чарбалары аталган кызматкерлер боюнча кошуп эсептөөнү жана камсыздандыруу взносун төлөөнү ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарына ылайык жүргүзүшөт. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарына ылайык бөлүштүрүлөт: 3. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү Фондунан арендага жер алган учурда камсыздандыруу взносунун өлчөмү жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүндө белгиленет жана жерди арендалоочу тарабынан квартал сайын төгүлөт. 4. Башка чарбалардын жерин арендага берүүдө жана арендага алууда камсыздандыруу взносунун өлчөмү жер салыгынын базалык ставкасынын 50 процент өлчөмүндө белгиленет жана жердин арендага берүүчү же аренага алуучу болуп саналган фермер жана дыйкан чарбалары тарабынан төгүлөт. 5. Бөөдө кырсык (суу каптоо, сел жүрүү, жер титирөө, жер көчүү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк) болгондо же башка өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен комиссия тарабынан чарбаларга камсыздандыруу взносун төлөөнүн мөөнөтүн узартууга же бөлүп-бөлүп төлөөгө уруксат берилет.
4-статья. Жеке ишкердик кылган граждандар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносунун тарифтик ставкасы
1. Камсыздандыруу взносунун тарифи төмөнкүдөй белгиленет: - юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик кылган граждандар үчүн кирешелер жөнүндө декларациянын негизинде календарлык жылдын жыйынтыгы боюнча кийин жалпы кирешеден кайра эсептөө менен минималдуу эмгек акынын үч эселеген өлчөмүнөн 38 процент өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 32 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 2 процент; Иш менен камсыз кылуу фондуна - 2 процент; Медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 процент. - юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик кылган пенсионерлер жана майыптар үчүн ай сайын минималдуу эмгек акынын үч эселеген өлчөмүнөн 13 процент (I жана II топтогу майыптар үчүн - 11%) өлчөмүндө. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы төмөнкү өлчөмдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 7 процент; Социалдык камсыздандыруу фондуна - 2 процент; Иш менен камсыз кылуу фондуна - 2 процент; Медициналык камсыздандыруу фондуна- 2 процент. 2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик кылган I жана II топтогу майыптар Иш менен камсыз кылуу фондуна камсыздандыруу взносун төлөөдөн толук бошотулат. 3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануу менен жеке ишкердик кылган граждандар кошуп эсептөөнү жана камсыздандыруу взносун төлөөнү ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарына ылайык көрсөтүлгөн кызматкерлер боюнча жүргүзөт. Фонддор боюнча камсыздандыруу взносунун суммасы ушул Мыйзамдын 1-статьясынын талаптарына ылайык бөлүштүрүлөт: 4. Патенттик негизде жеке ишкердик кылган граждандар камсыздандыруу взносун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу менен төлөйт.
5-статья. Камсыздандыруу взносу эсептеле турган төлөмдөрдүн түрлөрү
1. Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу взносу төмөнкүлөрдөн эсептелет: - финансылоо булагына карабастан бардык негиздер боюнча, анын ичинде маңызы иш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган граждандык - укуктук мүнөздөгү келишимдер, автордук жана лицензиялык укуктар боюнча кызматкерлердин пайдасына эсептелген акчалай жана натуралай түрдөгү сыйлык акыларды кошуп алганда эмгек акыдан (кирешеден). Кызматкерлер натуралай түрдө алган төлөмдөр ошол жердеги ошол продуктунун (товардын, кызматтын) өздүк наркынан төмөн болбогон баада эсептелет. - айыл жеринде жайгашкан билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген адамдардан тышкары берилген социалдык жеңилдиктер айрым жеңилдиктердин ордуна берилген кызматкерлердин акчалай компенсациясынан; - иштин режими жана эмгек шарты менен байланышкан компенсациялык мүнөздөгү төлөмдөргө; - ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерди даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга же окуучулар менен студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылууга негизги ишинен ажыратылып жана ажыратылбастан тартылган квалификациялуу жумушчуларынын, жетекчилеринин жана адистеринин эмгек акысына; - кызматкердин күнөөсү болбостон брак деп табылган продукцияны (жумуш, кызмат) чыгаргандыгы үчүн акыга; - башка ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан эки ишти айкалыштыруу иретинде буйрукка ылайык жумушка кабыл алынган адамдардын эмгек акысына; - штаттан тышкаркы кызматкерлердин (лекция окугандыгы, радио жана телекөрсөтүүдөн чыккандыгы, котормо жасагандыгы үчүн) калем акысына; - эгерде аткарылган иш үчүн ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын өздөрү кызматкерлер менен түздөн-түз эсептешсе, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын штатында турбаган кызматкерлерге бир жолку иш аткаргандыгы, подряддык келишимди кошуп алганда граждандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча иш аткарганды үчүн эмгек акыга; - темир жол, авиа-автомобилдик транспорттун жана шаардык электротранспорттун кызматкерлеринин жол киресине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктин наркына; - кызматкерлерге ашканаларда, буфеттерде, профилакторийлерде жеңилдетилген баада же акысыз (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары кызматкерлердин айрым категориялары үчүн атайын берилген тамактан тышкары) тамактанууга берилген суммага; - жалпы пайдалануудагы транспорт менен ишке барып келүү жол акысынын наркына; - акциялар боюнча дивидендден тышкары отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана уюштуруучулары (катышуучулары) бөлүштүрүп алган кирешенин (пайданын) суммасына; - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине төлөнгөн материалдык жардамга: - бөөдө кырсыкка, өрткө, материалдык зыянга, кызматкердин же анын жакындарынын өлүмүнө байланыштуу берилген жардамдан; - майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатта берилген жардамдан тышкарыларга; - минималдуу эмгек акынын 50 эселенген өлчөмүнөн ашпаган суммага кыймылсыз мүлктү жана жабдууларды арендага берүүдөн алынган кирешеге. 2. Эмгек акысы Кыргыз Республикасында белгиленген минималдуу эмгек акынын 3 эселенген өлчөмүнөн төмөн болгон кызматкерлерден камсыздандыруу взносу алынбайт жана алар үчүн аны коомдук уюмдардын майыптары жана/же пенсионерлеринен тышкаркыларга камсыздандыруучу-иш берүүчүлөр төлөйт.
6-статья. Камсыздандыруу взносу алынуучу эмгек акынын (кирешенин) орточо айлык өлчөмү
Камсыздандыруу взносу алынуучу эмгек акынын (кирешенин) орточо айлык өлчөмү 100 эселенген минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн ашпайт. Эсептөө жыл башынан тартып улам жогорулоочу жыйынтык боюнча жүргүзүлөт.
7-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Бул Мыйзам 2000-жылдын 1-январында колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 26-декабрындагы "1999-жылга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндөгү" Мыйзамы ушул Мыйзам күчүнө киргизилген учурдан баштап күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|