Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 25-августу № 9

 

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Күмүштак айылдык кеңешинин депутаттарынын X сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Күмүштак айыл аймагындагы баардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дөн кечиктирилбестен токтотулсун.

 

2. Күмүштак айыл аймагындагы баардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дөн кечиктирилбестен токтотулгандыгы боюнча калк арасында кеңири түшүндурүү иштери жүргүзүлсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы аткарууга алынсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жекшеналы уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Акматов