Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры № 99
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактап, аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы № 27-19633 тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын карап жана талкуулап чыгып, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында айыл аймагында жайгашкан тойканаларадын, кафелердин жана эс алуучу жайлардын иши саат 22.00 токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын милдеттүү түрдө аткаруу боюнча айыл аймагындагы бардык тойканаларадын, кафелердин жана эс алуучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Э. Тилекова |