Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 11-январы № 6
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коомунун карыздарын кайрадан түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-ноябрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коому финансылык өтө кыйын абалда тургандыгын белгилейт. Комбинаттын экономикасынын абалына жарым өткөргүч продукциясына баанын жана суроонун төмөндөшү чечүүчү таасир тийгизди. Жарым өткөргүч продукциясын өндүрүүнүн өз наркынын баадан ашып кетишинин айынан "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коому 30 млн. сомдон ашык чыгымга учурады. Ишкананын ишмердигине жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги терс таасир кылууда. Азыр ишкананы 2008-жылга чейин андан ары өнүктүрүүнүн бизнес-планы иштелип чыгып, анда продукция чыгаруу жана сатуу көлөмүн жыл сайын 7-10 процентке көбөйтүү каралган. Бул жылдарда 37.2 млн. сомдук пайда алуу күтүлүп, ал Борбор-азиялык Кызматташуу жана Өнүктүрүү Банкына болгон кредит карызын, ошондой эле "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карыздарды төлөп берүүгө жумшалмакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-февралындагы "Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу боюнча чаралардын Программасы жөнүндө" № 77 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн сгратегиялык маанидеги сейрек кен жана жарым өткөргүчтөр продукциясын чыгаруучу ишканаларды колдоо жана ачык түрдөгү "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коомун финансылык кризис абалынан алып чыгуу максатында, ошондой эле Чүй областынын Кемин районундагы социалдык-экономикалык абал "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коомунун иштеп кетишине түз байланышкандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коому менен камсыздандыруу салымдары боюнча карызын төлөөсүн мүлк күрөөсү жөнүндө келишим түзүү менен төлөп берүү маселесин чечсин; - "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 2001-жылдын 1-октябрына карата карыздарын төлөө мөөнөтү 2002-жылдын 31-декабрына чейин жылдырылсын;
- "Кыргыз химия-металлургия заводу" акционердик коому менен бирдикте бир айлык мөөнөттүн ичинде салык калдыгын жана эсептелген пенияларды, штрафтык санкцияларды жоюу жөнүндө 2003-жылдын 1-январынан 2005-жылдын 31-декабрына чейин жоюу графигин түзүү менен келишим түзсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-ноябрындагы № 734 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 16-июнундагы "Кыргызэлектроника" мамлекеттик корпорациясына кирген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик үлүшүн корпорациянын башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө" № 328 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттагы "Кыргыз химия-металлургия заводу" мамлекеттик акционердик коому" - 70,06 процент" деген сөздөр алынып ташталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Вицепремьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри Э.К.Өмүралиевге жүктөлсүн.
|