Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/06
Жайыт комитетинин курамына депутаттарды бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировдун Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иштерине жетекчиликти жүзөгө ашыруу максатында, Жайыт комитетинин курамына айылдык кеңештин депутаттарынан бекитүү керектиги тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын жайытттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жайыт комитетинин курамына төмөнкү депутаттар киргизилсин:
- №7220 - аймагынан Исаков Курманбек Медетбекович;
- №7255 – аймагынан Арзыкулов Жаныбек Рыспекович.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары С.Бекмырзаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |