Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 «Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 01-7/07
Кабыл алынган
2025-жылдын 15-январы
Чыгарган
Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңеши

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 167 · 2025-жылдын 2-июну
Жарыялоо
Gagsmsu.kg · 2025-жылдын 30-майы
Реестрде
2025-жылдын 2-июну

Реестрде

Минюст коду
230041574

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция15.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-январы № 01-7/07

 

Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» Указына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны пилоттук тартипте жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Указынын 4-пунктуна ылайык муниципалдык кызматчылардын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 1-тиркемеге ылайык бекитсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык техникалык жана тейлөөчү персоналдын (ТТП) эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 2-тиркемеге ылайык бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келишим негизинде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 3-тиркемеге ылайык бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Үй-бүлөгө жана балдарга көмөк көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү 4-тиркемеге ылайык бекитсин.

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы жана бюджеттик-пландоо комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Дж. Долоталиев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.