Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/09
Ак Шоола” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинованын “Ак Шоола” бала бакчасынын ата-энелердин балдарынын тамак-ашына төлөмүн бекитүү керектиги тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, “Ак Шоола” бала бакчасынын ата-энелердин төлөмүнүн ставкасы жөнүндө протоколу жана директорунун кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” 2023-жылдын 11-августундагы №179 Мыйзамынын 26-беренесинин 7-п. жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак Шоола” бала бакчасына тамак-аш үчүн акы төлөө нормасы төмөнкүдөй эсеп менен бекитилсин:
- ата-энелик төлөм 1 балага күнүнө 100 сом, анын ичинен 10 сому чарбалык муктаждыкка.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулиновага тапшырылсын.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |