Редакцияот 12.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 12-сентябры № 01-7/59

 

Бишкек-Сокулук-Бишкек” автобус каттамы жөнүндө

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин дарегине Сокулук айылынын тургундарынын “Бишкек-Сокулук” автобус каттамын уюштуруп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-сентябрындагы №01-32/1018 катынын негизинде ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бишкек-Сокулук-Бишкек” автобус каттамын жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тиешелүүлүгүнө жараша жогору турган мамлекеттик органдарга кайрылуу кат жиберсин.

3. Бул токтомду аткаруу үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары

М.Р. Акчалов