Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 180
Шопоков шаарындагы суу түтүктөрүнүн жана канализация системасында болгон авария боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат”
Шопоков шаарындагы көрктөндүрүү комбинатынын суу түтүктөрүнүн жана канализация системасында болгон, авария боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаарындагы көрктөндүрүү комбинатынын авария боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Шопоков шаарындагы көрктөндүрүү комбинаты дебитордук карызды жана коммуналдык төлөмдөрдү кыскартуу боюнча иштерди күчөтүп, көп карызы бар үйлөрдүн суу түтүктөрүн системадан ажыратуу боюнча иш жүргүзсүн.
3. Шопоков шаардык кеңешинин депутаттары өздөрүнө бөлүнгөн округдарындагы жашаган элдер менен карыздар боюнча иш алып барсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы мэриянын бөлүм башчысы Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |