Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 01-7/60
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыктын Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү, көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” №54 Жарлыгынын Жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” №54 Жарлыгы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө” Жобосу айыл аймактын деңгээлинде ылайыкташтырылып кабыл алынсын жана бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси)
3. Бул токтомду аткаруу үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык атайын Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |