Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 182
Шопоков к. №9 дарегинде Үй-бүлө тибиндеги үйдө жашаган 8 балага материалдык жардам көрсөтүү
Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаары Шопоков көчөсү №9 дарегиндеги Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген сегиз балага Бишкек шаарынын клиникаларынын биринде дарылануусу үчүн материалдык жардам көрсөтүү максатында, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаары Шопоков көчөсү №9 дарегинде жашаган Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген сегиз балага Бишкек шаарындагы доктор Беспаловдун медициналык калыбына келтирүү борборунда дарылануусу үчүн 145 550 (жүз кырк беш миң беш жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы каржы-экономика секторунун башчысы Ф.Я.Какеновага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |