Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-сентябры № 01-7/62
Ак Шоола” мектепке чейинки билим мекемесин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сокулук айылынын Калинин көчөсү №69а дарегинде жайгашкан “Ак Шоола” бала бакчасын ачуу максатында Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылында Калинин көчөсү №69а дарегинде жайгашкан “Ак Шоола” бала бакчасы 2024-жылдын 1-ноябрынан баштап ачылсын.
2. “Ак Шоола” бала бакчасынын ачылыш аземине байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |