Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “07” бугу айы № 183
Кыргыз Республикасынын пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Шопоков шаарынын аймагынын схемасын жана чек арасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Шопоков шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Шопоков шаардык кеңешинин төрагасына жана Шопоков шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |