Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “23” бугу айы № 184
Шопоков шаарына таза суу жана канализация боюнча реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан келүүчү инвестицияны алууга макулдук берүү жөнүндө
Таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча “Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын” проектисине Шопоков шаары кошулгандыгына байланыштуу проектке макулдук берүү жөнүндөгү Шопоков шаардык көрктөндүрүү комбинаты ишканасынын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаары таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын” проектисине киргендигине байланыштуу инвестицияны тартууга (алууга) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Шопоков шаар мэрине жана Шопоков көрктөндүрүү комбинатынын жетекчисине жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Шопоков шаарынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. октомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаар кеңешинин Бюджет жана финансы комиссиясына милдеттендирилсин
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |