Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 17-июну № 351
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Тышкы экономикалык ишмердиктин негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы 1996-жылдын 29-мартындагы "Экономикалык жана гуманитардык тармактардагы интеграцияны тереңдетүү жөнүндө" Келишимди колдонуп, ошондой эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө багытталган Келишимге катышуучу мамлекеттердин мыйзамдарын этап-этабы менен айкалыштыруу жана жакындаштыруу максатында Кыргыз Респуликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1."Тышкы экономикалык ишмердиктин негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри А.Ж.Сулайманкулов бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ИШМЕРДИКТИН НЕГИЗДЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Ушул Мыйзам Кыргыз Ресыубликасынын тышкы экономикалык иш-аракеттердин негиздерин, тышкы экономикалык иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптерин жана максаттарын, тышкы экономикалык иш-аракеттердин чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жеке жана юридикалык жактардын негизги милдеттерин жана укуктарын аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана алардын аныктамалары
Төмөндө көрсөтүлгөн терминдер ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: Товар-баардык кыймылдагы мүлк (энергиянын түрлөрү да кошулат); Кызмат көрсөтүү менен кызматты керектөөчүнүн ортосунда келишимдик мамилелердин негизинде башка жактардын талаптарын канааттандырууга багытталган ишкердик, эмгек укук мамилелердин негизинде аткарылуучу иш-аракеттерден башкасы; Улуттук юридикалык жаактар - Кыргыз Республикасынын аймагында ушундай сапатта мыйзамга ылайыктуу катталган юридикалык жактар; Улуттук жеке жаактар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жеке адамдар; Чет элдик юридикалык жаактар - Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта чет мамлекеттин мыйзамына ылайыктуу ушундай сапатта катталган юридикалык жаактар; Чет элдик жеке жаактар - Кыргыз Республикасынын четинен сыртта туруктуу жашоочу адамдар; Соода - өндүрүлгөн же сатылып алынган буюмдарды таратуу жана сатуу, ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө же жумуштарды аткарууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, интеллектуалдык иш-аракеттердин жыйнактарын сатууга ортомчулук кылуу; Тышкы соода - улуттук жана чет элдик жактардын ортосундагы соода; Тышкы экономикалык ишкердик - тышкы соода жүргүзгөн улуттук юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттери, ошондой эле чет мамлекеттер, алардын органдары, эл аралык уюмдар, чет элдик юридикалык жана жеке жактар менен эл аралык экономикалык кызматташтык боюнча мамилелер; Экспорт товарлары Кыргыз Республикасынын бажы территориясынан сыртка кайра алып кирүүгө милдеттендемесиз алып чыгарылуусу; улуттук юридикалык жана жеке жактардын менчик укуктарынын чет элдик юридикалык жана жеке жактарга, акы төлөнүүчү бүтүмдөрдүн негизинде өтүүсү; улуттук юридикалык жана жеке жактардын төлөмүнө жараша чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга жана чет элдик юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү, улуттук юридикалык жана жеке жактардын чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга мүлктүк укуктардын акы төлөөнүн негизинде өткөрүп берүүсү; Импорт буюмдардын Кыргыз Республикасынын бажы территориясына кайра алып чыгууга милдетсиз алып келинүүсү; менчик укугунун чет элдик юридикалык же жеке жактардын улуттук юридикалык жана жеке жактарга акы төлөнүүчү бүтүмдөрдүн негизинде өтүүсү; төлөмүнө жараша чет элдик юридикалык жана жеке жактардын улуттук юридикалык жана жеке жактардын улуттук юридикалык жана жеке жактарга, кызмат жасоосу; төлөмүнө жараша чет элдик юридикалык же жеке жактардын улуттук юридикалык же жеке жактарга мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктардын өткөрүп берүүсү. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө экспортто же импортто квота коюлуусу-товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна же импортуна мамлекеттик атайын органдар тарабынан сан жагынан чек коюусуу; Экспорттук (импорттук) квота - Кыргыз Республикасынын аймагында экспорттоого (территориясына импорттоого) уруксат берилген товарлардын айрым категорияларына сан жагынан коюлган чек; Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого же импорттоого лицензия берүү - кээ бир товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алып чыгаруу же алып кирүүгө уруксат мамлекеттик башкаруунун атайын органдары тарабынан (лицензия) берилүүсү; Чектеш өлкөлөр - Кыргыз Республикасы менен жалпы мамлекеттик чек арасы бар чет мамлекеттер; Экономикалык коопсуздук - Кыргыз Республикасынын социалдык, саясий жана коргонуу жактан жетишерлик деңгээлдин жана өнүгүүсүнүн анын экономикалык кызыкчылыктарын мүмкүн болуучу тышкы жана ички коркунучтарга жана таасирлерге туруктуулугун жана көз каранды эместигин камсыз кылуучу экономиканын абалы; Кош багытта колдонулуучу буюмдар - граждандык максаттарда пайдаланылуучу, бирок курал-жарак, согуштук техниканы жана ок-дарыларды, анын ичинде массалык кыруучу куралдарды жана аны жеткирүүчү жабдууларды чыгарууга да колдонулушу же пайдаланышы мүмкүн болгон жабдуулар, материалдар, сырьелор, технологиялар жана илимий-техникалык информация.
2-статья. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишкердик жөнүндө Мыйзамы
Кыргыз Республикасындагы тышкы экономикалык ишкердик ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде тышкы экономикалык ишкердикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан башкача жөнгө салууну эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-статья. Кыргыз Республикасыиын тышкы экономикалык саясаты
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тышкы экономикалык ишкердик тармагындагы мамилелери Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан эл аралык укуктун жана милдеттемелердин жалпы таанылган принциптери менен нормаларын сактоонун негизинде түзүлөт. Тышкы экономикалык саясатты жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын өзүнүн эл аралык милдеттемелерин эске алып улуттук товарлар өндүрүчүлөрдүн кызыкчылыгын жана ички рынокту коргоо боюнча чараларды көрөт, ошондой эле улуттук товарлардын тышкы рынокторго чыгышына өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасы экономикасын дүйнөлүк экономикага интеграциялоо максатында, экономикалык коопсуздукту камсыздоо шарты менен, Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн эркин соода зоналарына, бажы союздарына жана башка экономикалык союздарга катышат. Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясаты, анын катышуучуларынын тышкы соодалык ишкердиктернн жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы соодалык ишкердикти координациялоону жана жөнгө салууну тапшырган атайын укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
4-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүүгө укук
Улуттук юридикалык жактар юридикалык жак сапатында мамлекеттик каттоого тургандан баштап тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу. Улуттук жеке адамдар ишке жөндөмдүүлүгү пайда болгондон баштап тышкы экономикалык ишкердик жүргүзүүгө укуктуу. Бул эреже жеке жактар үчүн жеке иштер катары каттоодон жүргүзүү үчүн өтүүсүнүн керектигин четке какпайт. Чет өлөкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгер Кыргыз Республикасынын Мыйзамы же Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер менен башка эрежелер коюлбаса, тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө улуттук юридикалык жана жеке жактардай эле укуктуу.
II-глава. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
5-статья. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучуларынын укуктары
Ар бир жак тыгыз экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн түрлөрүн, формаларын жана багыттарын өз алдынча аныктай алат. Тышкы экономикалык ишкердиктин кээ бир түрлөрүнүн жүргүзүүдө атайын уруксат (лицензия) керек болгон учурда, ишкердиктин бул түрүн жүргүзүү ал жак уруксаат берүүчү органдардан уруксаат (лицензия) алгандан кийин гана башталат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында түз каралган эрежелерден башка учурларда, мамлекеттик органдардын жана "алардын кызматчыларынын улуттук жана чет өлкөлүк жактардын тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүүсүнө , кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик органдардын же алардын кызматчыларынын мыйзамсыз аракеттеринен сот аркылуу коргоого укуктуу. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары мамлекеттик органдардан жана алардын кызмат адамдарынан тышкы экономикалык ишкердик чөйрөсүндө өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын орундатуу үчүн маанилүү болгон информацияларды, эгер ал маалыматтарды таратууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаса же чек коюлбаса алууга укуктуу.
6-статья. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары милдеттери
Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары өздөрүнүн иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде: 1) Тышкы экономикалык ишкердик жүргүзүүдөн келип чыккан төлөө милдеттерин, салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз убагында жана толугу менен төлөп турууга тийиш; 2) Тийиштүү маалыматтарды мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген формада, көлөмдө жана мөөнөттө берип турууга тийиш. 3) Тышкы экономикалык бүтүмдөрү түзүү, аларга өзгөртүү киргизүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерин аткарууга тийиш.
7-статья. Мамлекеттик жана тышкы экономикалык ишкердиктин башка катышуучуларынын жана жоопкерчиликтин чектери
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралбаса, Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучуларынын милдеттери боюнча жооп бербейт. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары Кыргыз Республикасынын милдеттери боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
III-глава. Тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүү үчүн өзгөчө шарттар
8-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүү үчүн өзгөчө укуктук режимдер, тышкы экономикалык ишкердик жүргүзүүдөгү жеңилдиктер
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишкердиктин кээ бир түрлөрүн жүргүзүү үчүн төмөндөгүдөй өзгөчө укуктук режимдер коюлушу мүмкүн: 1) Чек ара боюндагы территорияларда чек ара боюнда соода жүргүзүү үчүн; 2) Эркин экономикалык зоналардын территорияларында; 3) Эл аралык келишимдердин негизинде - эркин соода зоналарынын, бажы союздарынын жана башка эл аралык курамдардын чектеринде. Тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүүдө же кээ бир тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүдө салыктык, бажылык жана башка жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдары менен белгиленет.
9-статья. Чек ара боюндагы соода
Чек ара боюндагы соода - Кыргыз Республикасынын чек ара боюндагы территорияларында туруктуу жашап жаткан улуттук юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен эл аралык келишимдеринде белгиленүүчү тийиштүү чек ара боюндагы территорияларда туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын ортосунда эл аралык келишимдерине ылайык жүргүзүлгөн соода. Чек ара боюндагы соода ошол территорияга чектеш чек аралык аймактын чектеринде өндүрүлгөн товарларга муктаждыкты камсыз кылуу, ошондой эле чек ара боюндагы тийиштүү территориялардын чектеринде керектөөгө арналган товарларга муктаждыкты канааттандыруу үчүн гана жүргүзүлөт. Чек ара боюндагы соода жүргүзүүнүн тартиби жана чек ара боюндагы территориялардын тийиштүү чектери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
10-статья. Эркин (атайын) экономикалык зоналар
Эркин (атайын) экономикалык зона (ЭЭЗ) - Кыргыз Республикасынын ишкердик жана чарбалык иш-аракеттерди жүргүзүүдө жалпы жерлерге караганда жагымдуу шарттар түзүлгөн, чектери так аныкталган жана атайын укуктуу режимдери менен территориясынын бөлүгү. Эркин (атайын) экономикалык зоналардын өзгөчө функцияларын жана түзүүнүн иретин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктайт.
IV-глава. Тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жоболор
11-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун негиздери
Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу тышкы экономикалык саясатты ишке ашыруу жана тышкы экономикалык ишкердикти натыйжалуу башкаруу максатында чаралардын системасын түзөт. Тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу тышкы экономикалык ишкердикти экономикалык жана административдик жөнгө салууда экономикалык чаралар негизги болуп саналат.
12-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгү принциптерди сактоонун негизинде ишке ашырылат: 1) Мыйзамдуулук; 2) Тышкы экономикалык ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууда экономикалык чаралардын артыкчылыгы; 3) Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучуларынын тең укуктуулугу жана кысымга алынбоосу; 4) Ишкердиктин эркиндиги; 5) Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттин коргоосу; 6) Мамлекеттик органдардын жана анын кызматчыларынын тышкы экономикалык ишкердикке негизсиз кийлигишүүсүнө жана анын жалпы эле Кыргыз Республикасынын экономикасына, зыян келтирүүсүнө жол берилбестиги.
13-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүү концепциясын, тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу
Тышкы экономикалык саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүү программаларын жана концепцияларын кабыл алуу жолу менен тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүүнү болжолдоп жана пландаштырып, мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат. Тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүүнүн программалары жана концепциялары Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерине ылайыкташтырылышы керек.
14-статья. Кыргыз Республикасы өзүнүн тышкы экономикалык кызыкчылыктарын чет мамлекеттерде ишке ашыруу
Кыргыз Республикасы өзүнүн тышкы экономикалык кызыкчылыктарын чет мамлекеттерде, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатикалык же соода өкүлчүлүктөрү аркылуу ишке ашырат (мындан ары өкүлчүлүктөр). Өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциясынын чектеринде - Кыргыз Республикасы катышкан экономикалык эл аралык келишимдердин аткарылышын (сакталышын) көзөмөлдөйт, тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары болгон улуттук юридикалык жана жеке жактардын тышкы экономикалык кызыкчылыктарынын ишке ашууга көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнүн же алардын кызмат адамдарынын улуттук юридикалык же жеке жактарга тышкы экономикалык ишкердик жүргүзүү жана алардын тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча маалыматтарды берүүдөн же консультациялык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыя кылууга тыюу салынган же чек коюлган башка учурларда.
15-статья. Тарифтик жөнгө салуу
Тарифтик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын бажылык чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып чыгуу жана алып кирүү бажы пошлиналарын белгилөө жолу менен ишке ашырылчу импортту жана экспортту жөнгө салуу негизги ыкмасы болуп эсептелет.
16-статья. Тарифтик эмес жөнгө салуу
Кыргыз Республикасы экспортко жана импортко квота коюу, экспортко жана импортко лицензия колдонуу, тыйуу салуу жана чек коюу жолдору менен Кыргыз Республикасы чараларын колдонот. Лицензиялануучу жана квоталануучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоонун тартиби, номенклатурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамына, анын эл аралык милдеттерине ылайык аныкталат. Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салууну кысылмага албоо нринцибин сактоо колдонот. Кыргыз Республикасы тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын мыйзамдар менен атайын укук берилген мамлекеттик органдар аркылуу колдонот. Кыргыз Республикасы тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын төмөнкүдөй колдонот. 1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдердин максатында; 2) Адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, коомдук моралды жана коомдук тартипти сактоо максатында; 3) Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, айлана-чөйрөнү коргоо максатында; 4) Маданий байлыктарды мыйзамсыз алып чыгуу, алып кирүүдөн жана аларга менчик укугун мыйзамсыз өткөрүп берүүдөн коргоо максатында; 5) Эгер буга байланыштуу чаралар тийиштүү ички өндүрүштү жана керектөөнү чектөө менен кошо жүргүзүлсө, орду толбочу табигый ресурстардын түгөнүшүн болтурбоо максатында; 6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында; 7) Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугу үчүн; 8) Кыргыз Республикасынын тышкы финансылык абалын коргоо жана төлөө балансын кармоо максатында; 9) Чет мамлекеттердин камсызга алуу жана башка чектөө коюу чараларына эл аралык нормаларга жана эрежелерге ылайык колдонулуучу жооп катары.
17-статья. Мамлекеттин улуттук жана рыноктун кызыкчылыктарын коргоо
Кыргыз Республикасы улуттук рынокту, улуттук өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо жана аларга кысым көрсөтүүгө жол бербөө максатында импорттолуучу кээ бир товарларга карата Дүйнөлүк Соода Уюмунун нормалары менен эрежелерине жана Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын, компенсациялык жана демпингге каршы пошлиналарды, колдонууга укуктуу. Кыргыз Республикасы ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана эл аралык келишимдерге ылайык товарлардын айрым түрлөрүн импорттоого убактылуу сан жагынан чектөөлөрдү колодоно алат.
18-статья. Экспорттук көзөмөл
Кыргыз Республикасы массалык кыруучу куралдарды жана куралдын башка коркунучтуу түрлөрүн жана аларды жасоонун технологияларын таратпоо боюнча эл аралык милдеттерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында, курал, аскердик техника, кош багыттагы товарлар жана технология менен тышкы соода ишкердигин жүргүзсө экспорттук көзөмөл системасын колодонот.
19-статья. Кызматтарды, продукцияларды сертификаттоо
Кыргыз Республикасы калктын ден-соолугун, өмүрүн жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын территориясына айрым товарларды алып кирүүгө шарттарына стандарттарды, нормаларды, талаптарды, жана эрежелерди белгилөөгө укуктуу. Ал стандарттар, нормалар жана эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылыйык Кыргыз Республикасынын территориясында өндүрүлгөн буюмдарга карата колдонулчу стандарттардга, нормаларга, талаптарга жана эрежелерге келүүгө тийиш.
20-статья. Тышкы экономикалык статистика
Кыргыз Республикасы Көз каранды эмес Мамлекеттердин Биримдигинин тышкы экономикалык ишкердигин товардык номенклатурасын кодонуунун статистикалык маалыматтардын эл аралык деңгээлинде салыштырылуучу бирдей методологиясы боюнча системага салуунун мамлекеттик системасын камсыз кылат алар: 1) Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы жана соода балансы боюнча Кыргыз Республикасы мамлекеттик статистикасынын жана бажылык статистикасынын негизинде; 2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы боюнча Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу органдарды статистикалык информацияларды убагы менен расмий жарыялап туруушун камсыздашат.
V-глава. Тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана аны стимулдаштыруу
21-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти информациялар менен камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында атайын укуктуу мамлекеттик орган менен башкарылуучу тышкы экономикалык информациялар системасы түзүлөт жана иштейт. Тышкы экономикалык информациялар системасына - тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары үчүн кызыкчылык туудурган жана аларды билүү тышкы экономикалык ишкердикти өнүктүрүүгө жана анын натыйжасын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтар кирет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган атайын укуктуу орган ал системадагы маалыматтарды улуттук жана чет элдик юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган шарттарда суроосу боюнча берип турууга милдеттүү.
22-статья. Тышкы экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер
Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучулары - улуттук юридикалык жана жеке жактар, өз эрки менен ассоциацияларга, өнөр жай соода палаталарына жана тармактык, территориялык жана башка принциптери боюнча башка бирикмелерге бириге алышат. Тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучусу болгон чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса тышкы экономикалык ишкердиктин катышуучусу болгон улуттук юридикалык жана жеке жактар менен тең укукта бирикмелерди түзүүгө жана аларга катышууга укукту алышат. Бирикмелерди рынокту монополиялоо үчүн пайдалууга бирикмеге кирбеген жактардын үчүн конкуренциялык шарттарды чектөөгө жана алардын бирикмелерге катышкан-катышпагандыгына карабастан эч бир кысым көрсөтүүгө жол берилбейт. Бир же бир нече мамлекеттер менен тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү максатында, аралаш эл аралык өнөр-жай соода палаталары жана түзүлүшү жана алардын өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын территориясында жана чет өлкөлөрдө ачылышы мүмкүн.
23-статья. Тышкы экономикалык ишкердикти камсыздандыруу
Кыргыз Республикасынын территориясында тышкы экономикалык ишкердикти камсыздандыруу кызматтары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу ишкердиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасы экспортту стимулдаштыруу максатында экспорттук тобокелди камсыздандыруу системасына катыша алат. Тышкы экономикалык ишкердикте коммерциялык тобокелди камсыздандыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
VI глава. Кортунду жоболор
24-статья. Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап, 15 күндөн кийин күчүнө кирет. 2. "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишкердигин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 1997-жыл, N 8, ст. 370) күчүн жоготту деп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|