Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сары-Өзөн айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 01-7/02
Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө №3-протоколу бекитилсин.
2. Бекмырзаев С.Б. жана Сейтказиева А.С. Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |