Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 64/6-9
Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Кыргыз Республикасынын “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы, 2024-жылдын 21-декабрындагы “Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 07.10.2025-жылдагы №01-19/3549 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайы 2025-жылдын 1-ноябрында Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чон залында саат 10:00до өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайына делегаттарды көрсөтүү нормасы шаардын жашоочуларынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жыйындардын графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Ч.З.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
|
| Талас шаардык кеңешинин 14.10.2025-жылдагы №64/9-9 токтомуна Тиркеме – 1 |
Жергиликтүү жамааттын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу тобунун курамы:
1. К.Джаныбеков - жумушчу топтун төрагасы
2. А.Сариева - жумушчу топтун катчысы
3. Б.Батырбекова - “Бирге-Вместе” фракциясынын мүчөсү
4. Акын уулу Мухтарбек - “Эл үмүтү” фракциясынын мүчөсү
5. Б.Сульпиев - “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү
6. А.Койчубекова - “Жаны Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү
7. Ж.Байсалова - “Аманат” фракциясынын мүчөсү
8. Н. Дүйшембиев - IV Элдик курултайдын делегаты
9. О.Маймурунов - АКӨАБнын төрагасы, жумушчу топтун мүчөсү
10. А.Асанбекова - Аксакалдар кенешинин катчысы, жумушчу топтун мүчөсү
11. А.Дыйканбаева – Талас ш. Мэриясынын өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү
|
| Талас шаардык кеңешинин 14.10.2025-жылдагы №64/9-9 токтомуна Тиркеме - 2 |
Талас шаарларынын жергиликтүү коомдоштуктун курултайынын делегаттарынын саны, тиешелүү аймакта жашаган калкынын санын эске алуу менен, төмөнкү нормага ылайык аныкталат:
Калктын саны | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын өкүлдөрүнүн же курултайынын делегаттарынын саны |
-6000ге чейин | 30 |
-6001ден 10000гечейин | 50 |
-10001ден 20000гечейин | 80 |
-20001ден 30000гечейин | 100 |
-30001ден 70000гечейин | 150 |
-70001ден ашык | 200 |
-Ош шаары | 300 |
-Бишкек шаары | 500 |
|
| Талас шаардык кеңешинин 14.10.2025-жылдагы №64/9-9 токтомуна Тиркеме - 3 |
Жергиликтүү жамааттардын курултайына делегаттарды шайлоо боюнча 2025-жылдын 21-22- октябрында өтө турган жергиликтүү жамааттын жыйындарынын графиги
№ | Делегаттарды шайлоо боюнча аймактык бөлүк | Жыйынды өткөрүү орду | Күнү | Убактысы | Делегаттардын саны | Жооптуу депутат |
1 | Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн батыш тарабына карай | Талас шаарындагы №5 орто мектеби |
21.10.2025 |
16:00 |
75 | Курамаев А.С. |
2 | Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүнөн чыгыш тарабына карай | Талас шаарындагы С.Абдуллаев атындагы №6 орто мектеби |
22.10.2025 |
16:00 |
75 | Джуманов А.М. |