Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 65/6-9
Талас шаарында калктын тынчтыгын камсыздоо максатында жалпы көнүл ачуучу оюн-зоок, коомдук тамактануучу жайларынын жумуш күндөрүн жана бардык салтанаттуу иш чаралардын аяктоо эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 13-пункту, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын 2-беренеси, 3-беренесинин 1-2-пункттарына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 05.09.2025-жылдагы №01-19/3301 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыздоо үчүн жалпы көнүл ачуучу оюн-зоок, коомдук тамактануучу жайларынын жумуш күндөрү жана бардык салтанаттуу иш чараларды өткөрүү боюнча төмөндөгү эрежелер бекитилсин.
2. Мыйзам талаптарына ылайык, көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар жана турак үйлөргө, жеке турак үйлөрдү куруу зоналарына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, социалдык, реаблитациялык уюмдардын аймактарына, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана/же убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактарында төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жана пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга жол берилбесин.
- жумуш күндөрү-саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү -саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева.А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Изабеков Ч.З) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |