Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 66/6-9
Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегиндеги 64324,39 чарчы метр жер участогун Р -2 парктар аймагынан Ц-1 шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк аймагына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 10.10.2025-жылдагы №01-19/3901 чыгыш сандуу катынын жана Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегиндеги 64324,39 чарчы метр жер участогун Р-2 парктар аймагынан Ц-1 шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк аймагына мыйзам талаптарына ылайык которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |