Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын «11» кулжа айы № 191
Шопоков шаарынын аймагына инвестиция тартуу максатында өндүрүштөрдүү ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2 пунктунун негизинде, Шопоков шаарында жаңы жумуш орундарды ачуу максатында жана 2022-жылдын 28 декабрында №83 Шопоков шаардык кеңешинде бекитилген Шопоков шаарынын 2035-жылга чейин өнүгүү башкы планынында көрсөтүлгөндөй, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаарынын Полевая көчөсүндө жайгашкан аянты 15,2 га жер тилкеси өндүрүштөрдүү куруу максаттык багытына берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаардык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |