Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын «22» теке айы № 192
Шопоков шаардык кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Шопоков шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, ошондой эле Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы – С.И.Назаров өзүнүн макулдугунун негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна байланыштуу, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Шопоков шаардык кеңешинин төрагасы шайланганга чейин Шопоков шаардык кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткаруусу Шопоков шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары К.С.Джеенчороевге жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |