Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-ноябры № 01-7/10
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 30-беренесинин негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана алардын Жоболоруна таянып Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин талкуулап карап чыгып, айылдык кеңештин 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын регламенти Тиркемеге ылайык кабыл алынып, бекитилсин.
2. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине тийиштүү материалдарды дайындоо жооптуу катчы С.Аныровага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду маалымдоо райондук “Элдик Жарчы, Народная Трибуна” гезитине жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу депутаттардын туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |
| Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 01-7/10 токтомуна тиркеме
|
Сары-Өзөн айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламенти
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси)