Редакцияот 16.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2026-жылдын 16-февралы № 102

 Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык базарында соода жайларынын бааларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын 34-жана 39-беренесинин негизинде   жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы Рахман уулу Т.  берген сунушун талкуулап чыгып,  Самаркандек айылдык кенеши   Т О К Т О М   К Ы Л А Т : 

  1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык базарында соода жайларынын баалары төмөнүдөй тартипте бекитилсин:

Соода жайлары-  100 сом;

Кичине соода жайлары-   50 сом;

Кичи ашканалар жумасына-  500 сом;

Чоң ашканалар жумасына-  1000 сом;

Контейнер жумасына-  250 сом (айына акы төлөнбөйт);

Автоунаалар үчун (кириш-чыгыш)-  30 сом;

Мал базарда: бодо мал, жылкы - 100 сом;

Майда мал (кой, эчки)-   50 сом.     Бош контейнерлерге акы алынбайт.

  1. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  Ж. Полотовго тапшырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

 

Тѳрага:

 

Газыбек у.А