Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/12
Муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А.Алымбаеванын Сокулук айылындагы 50 лет Октября көчөсүндө жайгашкан мурдагы “АЮ” ЖЧКсына тиешелүү спорт комплексин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын 50 лет Октября көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 990,0 чарчы метр жер тилкесиндеги спорттук ден соолук комплексин айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинова ушул токтомдун негизинде өткөрүп алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Чомоковго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |