САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 16-февралы № 104
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн катынын негизинде, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн уryп жана талкуулап, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
- Токтомду аткарууга алуу жагы Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Газыбек у.А |