Редакцияот 02.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 2-марты № 94

 

 

Жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишканаларга санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө субсидияларды берүүнүн тартибин убактылуу укуктук

жөнгө салуу жөнүндө

 

 

Жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишканаларга субсидияларды берүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу жылуулук менен жабдуучу айрым муниципалдык ишканаларга субсидияларды атайын программалык платформада санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө берүүнүн тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөткө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн субсидияларды берүүнүн тартибин убактылуу укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу максатында:

1) атайын программалык платформада санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө республикалык бюджеттен түздөн-түз жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишканаларга субсидияларды берүүнү камсыз кылсын;

2) субсидияларды берүүнүн тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу ийгиликтүү ишке ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин;

3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишканалар тарабынан субсидияларды атайын программалык платформа аркылуу гана чыгымдоону камсыз кылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров