Редакцияот 04.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

10-кеңешмеси

 

2025-жылдын 4-сентябры № 111

 

Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын камсыздоо максатында бардык салтанаттуу иш-чараларды аяктоо менен бирге ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин ишин саат 22-00дон кечиктирбестен токтотуу максатында Чоң-Алыш айыл аймактык КеңешининIХ -чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын камсыздоо максатында бардык салтанаттуу иш-чараларды аяктоо менен бирге ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин иши саат 22-00дон кечиктирбестен токтотулсун. 

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Бейшеналиев