Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 54/XVI – 5
Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы Абдрасулов Урмат Бейшеналыевичти мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39, 40-беренелерине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы Абдрасулов Урмат Бейшеналыевич тарабынан өз каалоосу менен ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу берилген арызын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы Абдрасулов Урмат Бейшеналыевичтин өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2. Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы катары ыйгарым укуктары ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып токтотулду деп эсептелсин.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| У.М. Абдрахманов |