Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 55/XVI – 6
Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасын кайрадан шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39, 40-беренелерине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Абдрасулов Урмат Бейшеналыевичтин өз каалоосунун негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы болуп Капалов Жанарбек Нуржанович шайлансын.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| У.М. Абдрахманов |