Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “09” февралы № 50/XVI – 1
Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн жана “Каинды-Сервис” муниципалдык ишканасынын карамагында турган атайын техникаларды ижарага берүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, 5-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин, 1- пунктунун жана 19 – беренесинин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн жана “Каинды-Сервис” муниципалдык ишканасынын карамагында турган атайын техникаларды тиркемеге ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |
|
| 2026-жылдын 09 - февралындагы № 50/XVI – 1 токтомуна тиркеме |
№ | Атайын техниканын аталышы | Баасы |
1 | Эксковатор | - Кайыңды шаары боюнча 1 саатка - 2500 сом, узундукту өлчөөчү метр – 100 сом (погонный метр);
- Кайыңды шаарынан тышкары 1 саатка - 3000 сом, узундукту өлчөөчү метр – 120 сом (погонный метр) жана жол чыгымдары жалдоочунан (дизел отуну) |
2 | Фронталдык жүктөгүч | - Кайыңды шаары боюнча 1 саатка - 3000 сом;
- Кайыңды шаарынан тышкары 1 саатка - 3500 сом жана жол чыгымдары жалдоочунан (дизел отуну) |
3 | Суу ташуучу унаа | - Кайыңды шаары боюнча 1 каттам - 1500 сом;
- Кайыңды шаарынан тышкары 1 каттам - 2000 сом жана жол чыгымдары жалдоочунан (дизел отуну) |
4 | Ассенизатордук атайын унаа | - Кайыңды шаары боюнча 1 каттам - 2000 сом;
- Кайыңды шаарынан тышкары 1 каттам - 3000 сом жана жол чыгымдары жалдоочунан (дизел отуну) |
5 | Кичи автобус | - 100 км жолуна – 5000 сом |