Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/13
Төш-Булак айылындагы дан сактоочу кампаны муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесин жетекчиликке алып, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 12-декабрындагы чечиминин негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы №01-6/19 токтому аткарууга алынсын.
2. Төш-Булак айылынын Каракинов көчөсү №194а дарегинде жайгашкан дан сактоочу кампа алдындагы 1,24 га жер тилкесин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |