Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/14
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 18-декабрь 2024-жылдагы протоколунун негизинде, Сокулук айылы 60 лет Киргизии көчөсү №7а дарегинин жашоочусу А.Хашанлаевдин аянты 157,5 чарчы метр жер участогунун "павильон орнотуудан" "Медициналык борборго" максаттуу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызы жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 10-октябрында берилген №66-24 архитектуралык-техникалык корутундусунун, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысынын сериясы Ч №089149 негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылы 60 лет Киргизии №7а көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 157,5 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багыты "павильон орнотуу" алдынан "медициналык борбор" алдындагы жер тилкесине өзгөртүүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Чомоковго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |