Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/15
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 18-декабрь 2024-жылдагы протоколунун негизинде, Асылбаш айылы Жуматай көчөсү №19а дарегинде жайгашкан аянты 1657,5 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын "Асылбаш айыл өкмөтүнүн имараты" алдындагы жер тилкесин "Асылбаш айылынын Бөбөк-Нуру бала бакчасы" алдындагы жер тилкесине өзгөртүү жөнүндө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн катынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асылбаш айылы Жуматай көчөсүндө №19а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1657,5 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын "Асылбаш айыл өкмөтүнүн имараты" алдындагы жер тилкесин "Асылбаш айылынын Бөбөк-Нуру бала бакчасы" алдындагы жер тилкесине өзгөртүүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Чомоковго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |