Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 01-7/16
Муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А.Алымбаеванын Төш-Булак айылынын Бөрүлү айылында жайгашкан жалпы аянты 5,2 га жер участогундагы балдардын ден-соолукту чыңдоо “Эдельвейс” лагерин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына өткөрүп алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Сары-Өзөн айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айылынын Бөрүлү айылында жайгашкан жалпы аянты 5,2 га жер участогундагы балдардын ден-соолукту чыңдоо “Эдельвейс” лагерин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинова ушул токтомдун негизинде өткөрүп алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Чомоковго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |